Кыргызстанда диний кырдаал оорлошуп баратканы жашыруун эмес. Чубак ажы, Абдышукур Нарматовго окшогон диний аалымдар элди, бир бүтүн кыргыз элин мусулман анан теңирчи деп ачык эле экиге болуп салды. Тиешелүү мамлекеттик органдар жоопкерчилик маселесин караганга жараган жок. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык дин мамлекеттен ажыратылганы ачык көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, мамлекеттин жогорку сересиндеги жетекчилер дин ишмерлерине кулдук урушуп, өздөрү саясатка аралаштырып, мамлекетти туңгуюкка сүйрөп баратышат. Мына Курман айт намазында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков «муфтиятын айтканын угуш керек» деп даават айтты. Ошондон көп өтпөй муфтий Максат ажы Жуманов спикер Жумабеков менен президенттин аппарат башчысы Досаалы Эсеналиевди ээрчитип алып, эгемендүүлүк күнүнө карата президенттин кубогу ойнотулган Көк бөрү оюнунун ачылышына барып сөз сүйлөдү. Качан эле муфтий маданий-спорттук иш-чарага барып сөз сүйлөчү эле. Ушунун өзү муфтий өлкө жетекчилеринин бири катары мамлекеттик саясатка аралашып жатканын туюнтат. Бул көрүнүш жакшы эмес. Эртең кеч болуп калбасын. Динди саясатка аралаштырганды токтотуш керек…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ