Menu

Сайдулла Нышанов дагы партиялаштарынан четтеп калганы чынбы?

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов партиялаштарынын, фракциядагы депутаттардын алдында шагы катуу сынып жүрөт да. Партия лидери Өмүрбек Текебаевдин башына кыйын күн түшүп, темир тордун артына Атамбаевдин жолдомосу аркылуу кетсе, жакын адамы, ал тургай “кошелёгу” аталып жүргөн Сайдулла Нышанов Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наамды бериш керек деп жагалданып кыйкырып чыкканы, анын дарамети кандай экенин көрсөткөн. Ошол сөзү партиялаштары, кесиптештеринин алдында азыр кепке кемтик кылып олтурат. Фракциядагы депутаттар дагы “жагымпоз” деген ат коюп алышып, катарына кошпой бөлүп койгону кийинки жумаларда ачык айтылабы? Азыр Нышанов Өмүке дарыланып жаткан оорукананы тегеректеп эле жүрөт дешүүдө. Текебаевге кире албай жатыптыр деген сөздөр да бар. Текебаев эркиндикке чыгып калса, шермендем чыкпасын деп алдын ала алдынан өтүп койгусу келип жүргөн чыгар балким.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: