Menu

Мэр Данияр Арпачиев премьер Абулгазиевге таянабы?

Бөлүшүү:

Өкмөт башчысы Мухамммедкалый Абулгазиев иштин көзүн билбей, президентке көлөкө түшүрүүдө. Экономика катып калды. Абулгазиев болсо эптеп алы жеткен кызмат орундарын «соодалоо» менен алек болуп калды. Жакындан билгендер, акыры иштен кетем деген инерция менен чөнтөк толтурууга ыктап алганын айтылууда. Мына, өткөндө Каракол шаарынын депутаттары шаар мэри Данияр Арпачиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышып премьер-министрге жөнөткөн эле. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын 30у Арпачиевге ишеним көрсөткөн эмес. Анан Абулгазиев депутаттардын чечимине чыйт түкүрүп туруп, Арпачиевдин отставкасын кабыл албай койду. Көрсө Данияр мырза Абулгазиев Соцфондду башкарып турганда кол алдында иштеген көздөй адамы экен. Мындан улам шаардык кеңештин депутаттары жакынкы күндөрү Арпачиевдин ишин кайрадан карап, баары тең ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып Абулгазиевге кайра жөнөткөнү турушат. “Май кармаган бармагын жалайт” болгон өкмөт башчысы бул жолу эмне кылаар экен байкап туралы…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: