Menu

Айнура Сагынбаева, дерматокосметолог: Сиз кандай тамактансаңыз – жүзүңүздөн, келбетиңизден көрүнүп турат

Бөлүшүү:

Косметологиялык “Сагынбаева” клиникасынын жетекчиси, дерматокосметолог Айнура айымдар үчүн кызыктуу кеңештери менен бөлүштү.

– Айымдар кайсы көйгөйлөр менен косметологго көбүрөөк кайрылышат?

– Негизи косметологго качан кайрылышты ар бир айым өзү билет. Бирок, косметолог десе эле бетти тазалаган же бетке кам көргөн адисти билишет. Бүгүнкү күндө косметологдор үч типке бөлүнөт: биринчиси, косметолог-эстетисттер. Алар бетке кам көрүп, крем коюп, маска жасашат. Экинчиси, дерматокосметологдор, булар дарыгер-косметологдор. Алар ар кандай тери ооруларын айыктырган дарыгерлер. Дерматологиялык ар кандай ооруларга чалдыкканда айымдарыбыз дарыгер-косметологдорго кайрылышат. Учурда «пластикалык косметологдор» деп дагы бөлүнүп калды. Булар бет түзүлүшүн өзгөрткөн адистер. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда косметологдордун саны абдан көбөйдү. Бул жакшы көрүнүш.

– Айылдагы көртирлиги көп келиндерге кандай кеңештериңиз бар?

– Негизи баардык кыргыздын айымдары өзгөчө сулуулукка ээ. Кандайдыр бир табигый сулуу болуп жаралган сулууларыбыз абдан көп. Айылдагы айымдарыбыз деле сөзсүз эле косметологго барбай, айылда эле жөнөкөй сүт, айран, каймак болобу, бадыраң, кулпунай, алмабы, үй шартында эле түрдүү маскаларды жасап, жүзүнө кам көрсө болот. Айымдарыбыз ар убак өздөрүнө кам көрүп туруулары керек. Анткени Кыргызстан абасы ысык, күн нурунан, өтө сууктан да сактануу зарыл. Таптакыр эле өздөрүнө кам көрбөй койсо, бетке бырыш түшүп, ар кандай тактар пайда болуп, эрте картаюуга алып келет. Ажарлуу жана жаш болгуңуз келсе, ар дайым өзүнүзгө кам көрүп турууңуз керек.

– Ботокс жасатып, ж.б. косметологдун кызматын пайдаланган белгилүү айымдарыбыз арбынбы?

– Бүгүнкү күндө ботокс абдан жакшы сапатта келип баштады. Коркуунун эч кажети жок. Учурда көптөгөн айымдарыбыз ботокс койдуруп келишет. Негизи биздин клиникабызда кардарларыбыздын атын ачык айтпайбыз. Бул индивидуалдык түрдө болгон процедура. Бир эле ботокс эмес пластикалык операциялар болобу, бетти тазалоо болобу, алар тууралуу баары жашыруун. Бирок албетте, ар кандай категориядагы айымдарыбыз кайрылышат. Мурдагыдай косметологго кайрылуу оорчулук жаратпайт. Жок дегенде бир жылда бир жолу айымдар косметологдун түрдүү кызматын пайдаланып, өздөрүнө белек кылууга мүмкүнчүлүктөрү болот.

– Тамактануунун сулуулукка кандай таасири бар?

– Тамактануу менен сулуулук бири-бирине жакын түшүнүк. Сиз эмне тамак жесеңиз, жүзүңүздөн, келбетиңизден көрүнүп турат. Эгерде ак жуумал жүзүнүз тунук болушун кааласаңыз, туура тамактанууну унутпашыңыз керек. Туура тамактануу эч нерсе жебей коюу же кандайдыр бир диета эмес. Майлуу, туздуу, таттуу тамактарды азайтуу керек. Мисалы, шекердин ордуна балды чайга аралаштырып ичсе болот. Кара чайдын ордуна көк чай ичсеңиз болот. Сөзсүз түрдө витаминдүү тамактар менен азыктанганга аракет жасашыбыз керек. Фаст фуддардын ордуна алма, банан жеп, жемиштерге басым жасасаңыз, кан алмашууңуз жакшы болот. Бир ай бул кеңешти пайдаланып көрсөңүз, сөз жок ажарыңыз ачылып, сиздин өзгөрүүңүздү айланаңыздагылар байкабай койбойт.

– Айымдар улам жашы өткөн сайын косметологдун кызматына көп кайрыла башташат. Буга кошуласызбы?

– Бул – айымдарыбыздын жакшы эле көрүнүшү. Жаш өткөн сайын айымдар өзүн жаш, сулуу сезгиси келет. Ошондой жаштыкка умтулуунун эч кандай терс нерсеси жок. Ар бир курактын өзүнүн сулуулугу, ажары бар. Бирок, чектен чыкпаш керек. Биздин кыргыздарга көп жете элек, бирок, Батыш өлкөлөрүндө аша чаап кеткен учурлар бар. Карыган айымдар беттерин өтө тарттырып алганда, көздөрү кыйшайып, ооздору жылып кеткендерди байкап жүрөм. Бул аша чапкандык. Ботокс сайдырып, же болбосо көзүнүн үстү салаңдап турса кестирип, беттин тырыштарын бир аз тарттырып койсо болот. Бирок, «жаш кыздарга жарашкан процедураларды жасатып алып жашарам» дегендер пластиканын курмандыгы болуп калбашы керек. Мисалы, бизде хирургдар, косметологдор, визажисттер, кеңешчилер – баарыбыз биригип кайрылган адамдарга туура жол көрсөтүүгө аракет кылабыз. Ошондуктан, биздин клиникада жакшы өсүштөр болуп жатат.

– Косметологго кайрылган мырзаларыбыздын да саны кобойгондой…

– Мырзаларыбыз деле ар кандай дерматологиялык дарттарга чалдыгышы мүмкүн. Безеткилер, бетинде купероз дарты пайда болушу мумкүн. Пластикалык операцияга кызыккан мырзалар да бар. Пластика десе эле сулуулануу үчүн жасалуучу процедура деген ойго келишет. Көпчүлүк учурда көздүн үстүндөгү эт аябай түшүп калгандыктан, көрүү органына зыян келтириши мүмкүн. Мен мырзаларыбыз косметологго кайрылбайт, өздөрүнө кам көрбөйт деп айта албайм. Азыркы учурда мырзалар үчүн атайын «Барбер» чачтарачтар ачылды. Ошондой эле мырзалар үчүн косметологиялык атайын кабинеттер да бар.

– Айымдарга дагы кандай кеңештериңиз бар?

– Көпчүлүк айымдарыбыздын көйгөйү: жакшынакай жүрүп эле бети бузулуп, кызыл тактар пайда болуп калат. Бул гигиенаны сактабагандыктан да болушу мүмкүн. Гигиена деген бети-колду тез-тез жууп туруу эмес. Безетки шейшептерден да жугушу мүмкүн. Ошол себептен шейшепти тез-тезден алмаштырып туруу зарыл. Биз колубуздан түшүрбөй көтөрүп жүргөн уюлдук телефондордо абдан чоң микробдор топтолот. Телефонду колубуз менен кармалап, бетибизге тийгизип жатьш, түрдүү микробдор менен бетибизди бузуп алабыз. Эгерде мага ишенбесеңиздер, суу салфетканы алып дароо сүртүп көрсөңүз ишенүүгө аргасыз болосуз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: