Menu

Сталбек Акматов, улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын директору: Менин кесиптешим 1 млн.500 миң долларга имарат сатып алып, мамлекетке алдырып койгон

Бөлүшүү:

Өлкөбүздөгү кайсы тармакты албайлы, көйгөйлөр баштан ашат. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков ишкерлер чөйрөсү менен жолугушуп, алар тараптан түрдүү көйгөйлөр көтөрүлүп чыкты. Өз сөзүндө президент: «Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар ишкерлерге шарт түзүп, жардам бергендин ордуна, даты эле текшерүүлөргө кийлигишкен учурлар уланып жатат. Мага айрым ишкерлер текшерүүдөн, тоскоолдуктан тажагандыктан иштерин жыйыштырып же башка өлкөгө көчүрүп кеткени боюнча маалыматтар түшүп жатат» деп белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын «Соода өнөр жай» палатасынын президенти Марат Шаршекеев ишкерлер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого таянып, бизнеске жолтоо болгон эң башкы маселе коррупция экенин билдирди. Анын айтымында, сурамжылоого катышкан ишкерлердин 65 пайызы жемкорлукту башкы маселе катары көрсөтүшкөн. Улуттук бизнес ассоциациялар альянсынын директору Сталбек Акматовдон айрым суроолорго жооп алдык.

Ишкерлер менен  президентибиздин жолугушуусунда сиз тараптан дагы бир топ маселелер козголду окшойт?..

– Президенттин ишкерлер көйгөйүн угуп, түзмө-түз жолугушуусу жакшы кадам болду. 38ге жакын бизнес ассоциацияларынын жетекчилери болду. Анын 12си өз докладдарын окуп, орчундуу маселелер козголду. Булар чечилсе жумуш орундары түзүлүп, салык төлөнөрүн бизнес өкүлдөрү сунуштады. Биздин жарандар бизнес ачып, жакшы иштерди баштаганы менен түрдүү тоскоолдук, бут тосуулардан улам иштеринин акырына чыкпай, ара жолдо калышууда.

Мен өз докладымда бир кесиптешимди мисал келтирдим. Менин кесиптешим 1 млн. 500 миң долларга имарат сатып алып, өндүрүү иштерин жүргүзүү алдында турганда кайрадан мамлекет ал имаратты алып койгон. Ушул күнгө чейин ал ишкер же акчасын, же имаратты алалбай ара жолдо калды. Болбосо, ал канчалаган жумуш ордун түзүп, мамлекетке да салык төлөмөк да. Мындай мисалдар абдан көп. Алардын көйгөйүн угуп, жардам бере тургандар жок өлкөбүздө. Укуктары корголбойт. «Кимден коргонуш керек?” деген маселе козголуп чыгат. Мен ошого далилдүү факт келтирдим. Бизнеске жолтоо болгон эң башкы маселе – коррупция экени да айдан ачык.

Бизде, зергерлерде жеке жана кичи ишкерликтер, жумуш орундары түзүлгөн, өндүрүшкө даяр турат. Бирок, сырье жок. Ошол «алтын-күмүш сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп берип койгула» деген маселени козгодук. Көмүсккө экономика маселеси да бар. Президент баарын угуп, жазып алды.

– Президент ишкерлердин укуктарын коргоо максатында «Бизнесмен-омбудсмен институту киргизилет» деп белгиледи…

– Бизнесмен-омбудсмен институту түзүлүп жатат. Мен мүчө болуп, иш альш барып баштадык. Бул институт бизнесмендердин укугун коргоо боюнча иш жүргүзөт. Азыркы учурда ишкерлер менен салык органдарынын кызматкерлери соттошсо, мисалы, салык инспекциясы менен сотгошсо 95% салык органы жеңип чыгат. Дүйнөлүк практикада «Бизнесмен-омбудсмен» институту бар экен. Биздин президентибиз, өкмөт баары бул институттун ачылышына башынан макул. Бул институттун ачылышы ишкерлердин укугу корголушуна чоң салым кошот буюрса.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: