Премьер-министр Мукан Абылгазиев шаршемби күнү парламентте Алмазбек Атамбаевдин кандосу Андрей Бельяниновду какты. Буга чейин сынга унчукпай келген, өкмөт башчынын жинине Бельяниновдун “не с кем работать в Киргизии” деген сөзү катуу тийди көрүнөт. Биздин гезиттин 18-июндагы санында Россиядан түшкөн 200 миллион доллардын көбү орус-азер олигархы Агаларовдун “Крокус” фирмасына Атамбаев менен Бельянинов котортконун, ошонун кесепетинен биздин өлкө эч даярдыксыз ЕАЭС курамына кошулганыбызды айтканбыз. Бир миллиондон арзан турган чек ара бекеттери он миллион долларга курулганы боюнча да маалыматтар толтура. Жакында мекенибизге Владимир Путин келгенде, биздин өкмөт ал берген акчаны мурунку бийлик менен кээ бир Москвалык шылуундар тарабынан жок кылынганы айтылышы керек. Жана бул аферага катышы бар делген Минфиндин орун басары Мирлан Байгончоковдор суракка тартылышы абзел.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ