Menu

Атамбаевдин “эски оорусу” козголуп кеттиби?

Бөлүшүү:

Элибизде: «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деп таамай айтылган сөз бар. Азыркы кыңыр иштер болсо, заманына жараша тез эле ачыкка чыгып, а түгүл чагылгандай тездик менен таркап кетүүдө.

Мисалы, бир жыл мурун элдин көпчүлүгү экс-президент Атамбаевдин «энергетикалык коопсуздукка жеттик, түндүк-түштүк альтернативалык жолун салып жатабыз, Бишкек ТЭЦтин модернизациясынын аягына чыктык» – деп жалындуу сүйлөгөн сөздөрүнө шатырата кол чаап, чын дилинен кубанаар эле. Алар менен бирге биз кубанганбыз.

Бирок, тилекке каршы элдин кубанычы узакка созулган жок. Көрсө, ал иштердин баарына баягы эле «коррупция» деген желмогуз аралашып, анысы аз келгенсип иштин сапаты да «чеке жылытарлык» бүткөрүлгөн эмес экендиги айкын болду. Башкасын айтпаган күндө да Бишкек ТЭЦ үч күндүк суукка чыдабай, борбор калаанын жарымы кыштын кыраан чилдесинде жылуулуксуз калды.

«Чубактын кунундай чубалган» ТЭЦтин иши боюнча бүгүнкү күнү бир топ экс аткаминерлер темир тор аркасында күн кечирүүдө. Кийинки кезде, экс-президент Алмазбек Атамбаев «түшүнөн чочуган күнү» коомчулукка чыгып тигил же бул маселе боюнча чочугансып үн катканды адатка айлантты.

Баамдаган адамга Атамбаев баягы эле сөздөрүн саймедиреп, а түгүл таарынычын да айтып алгандай болду. Туура, экс-президент айткан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу бизге керек экенин эч ким танбайт. Тескерисинче мындай иш аракеттер ар убакта колдоого гана алынышы керек. Жасайм деген кишинин колуна кол, бутуна бут болуп жардам беришибиз керек. Бирок, кептин баары ошол мамлекет үчүн зарыл болгон долбоорлорду ишке ашырууда, карапайым адамдардын түшүнө кирбеген каражаттардын уурдалышы жөнүндө болуп жатпайбы?! Буга кандай дешибиз керек?!

Анын үстүнө учурда бул иштер боюнча так кесе бир жыйынтык чыга элек. Мыйзам чегинде тергөө жүрүүдө. Анан эмне эле Атамбаев «шектүү шектенет» болуп поезддин алдына түшүп алып чуркап жатат? Эмне үчүн ак болсо, тергөөнүн жыйынтыктарын күтпөй алдын ала эле актанып жатат? Акыл калчап карап көрсөк, экс-президент «коргонуунун мыкты жолу чабуулга өтүү» деген аракетке өтүп алгандай…

Чындап келгенде, азыр «ак же көк» деп жыйынтык чыгарууга эртелик кылат. Ошондуктан Атамбаев деле азырынча «тилин тишине катып турса» туура болмок. Иш тергелип бүтүп сотко өткөндөн кийин деле, өзү айткандай мыкты адвокаттарды жалдап ак экенин далилдесе ким кой демек эле? Бирок, ар дайым «балп» эттирип көнүп калган адам үчүн, сабыр сактап туруу да кыйын болуп жаткан өңдөнөт.

Деги эле Алмазбек Шаршенович бирөөгө асылмайын «уктабай калабы», айтор бул жолу да эски ооруусун карматып Өзбекстандын экс президенти, маркум Ислам Каримовго «сүйкөнүп» өтүптүр. Учурунда Атамбаев асылбаган кошунадардан эч ким калбай, анын запкысын карапайым калк жөн териси менен тартты эле. Кыязы бүгүн ошол «эски ооруусу» козголуп кеткен сыяктанат. Эми жок дегенде, маркумдарга асылбай эле койсо болбойбу, чунак киши.

Болор иш болду. 386 миллион доллар сарпталынып кеткен Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковдун ТЭЦи бир кышка чыдаган жок. Кошуналар 150 миллиондун ар жак, бер жагында жаңы ТЭЦ салышып, ийгиликтүү пайдаланып жатышат. Атамбаев бир эмес, миң жолу актанса деле эл баарын көрүп турат. «Тойгончо жеп, өлгөнчө карганган» кимдер эле?..

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: