Menu

Балыкчынын судьясы Майрам Дюшембиева качан жазасын алат?

Бөлүшүү:

Негизги алкактан Караганда Кыргызстан алакандай эле мамлекет. Андыктан кан-дай гана жаңылык болбосун, тез эле жел менен жарышып АлаЛГоону аралап жөнөйт. Демек, «укпайт деп ушак айт-па, көрбөйт деп уурулук кыл-ба» деген таасын кептин төр-күнүн ушу жакта жаткан-дай. Маселен «Арашандагы» үйүндө таарыныч, өкүнүч, са-наркоо менен өмүр сүрүп жат-кан экс-президент Алмазбек Атамбаев даты деле «буулу-гуп» жатканын көргөн-бил-гендер айта баштады.

Элдин назары президент Сооронбай Жээнбековго бу-рулуп, ажо баштаган демил-гелерди оппозиция, позиция дебей жапырт колдой баштаган сайын Атамбаевдин ичи-нен «кан өтүп» жатканы бай-калууда.

Ар кандай тар кызыкчы-лыктан улам Атамбаевдин «эшигин каккан» айрым экс-чиновниктер ат тезегин кур-гатпай Арашанга каттап жатканы да көпчүлүккө маалым. Эми бута капачылыгыбыз деле жок, ар ким каалаган үйүнө барат, каалаган адамы менен сүйлөшөт деңизчи.

Кызыгы АША «эшигин кагып» баргандарга, кай-раттуу адамдын ооразында: —«Соке эч нерсени жасай ал-байт, ал ишке жарабайт. Муну түшүнгөндөр жакында менин айланама кайрадан биригет. Кандай жол менен болсо да Албекти, Сапарды, Кулматовду сууруп чыгышым керек» – деп жер тепкилеп жатканы кандай?.. Алар чын эле «сүт-төн» акпы? «Карга баласын аппагым» дегендей, минтип актаганга аракет кылганы кайсы логикага туура келет?..

Аны менен катар кезинде баардык саясий каршылаш-тарына кылыч болуп чабыл-ган, «дзотко» төшүн тосуп берген УКМКнын мурунку жетскчиси Абдил Сегизбаев-ден Алмазбек Атамбаев жүзүн буруп кеткени кацкууланууда. «Сары улактай садага чабылса да» баары бир деген маанай-дагы бул аракети адамгерчи-ликтин кайсы түрүнө кирет? Бир кеЗдеги пикирлеши Се-гизбаевге Атамбаев кокустан жоолугуп калса, «Көзүң жы-луу учурайт, сен ким элец ка-рагым?» – дейт экен да…

Албетте, аны «ак кууга» теңеп, «Сегизбаев күнөөсүз наристедей таза, Абдил ук-муштуудай принципиалдуу, кынтыксыз ак кызмат кыл-ган»- деп айтуудан алыспыз. Бирок, Албек Ибраимов, Са-пар Исаков, Кубанычбек Кул-матов өңдүү коррупцияга боюнча айыпталгандарга Караганда ошо кездеги ажо так-кан милдеттерди аткарып, экс-тин жеке коопсуздугун, мам-лекеттин коопсуздугун кам-сыз кылды. Бирок, адамдын жакшылыгын тез эле эсинен чыгарган экс-ажо бүгүнкү күнү Сегизбаевге далысын салган позицияга шарт өтүп кеткенине таң калгандар арбын.

Ошол эле мезгилде элдин ырыскысына кол салганы аш-кереленип, камакка алынган Албек Ибраимов, Сапар Исаков жана Кубанычбек Кул-матовду колунан келишинче колдогону кызык. Бул кадамы менен ал өзүнүн да алардан эч кандай айырмасы жок экенин кашкайта далилдеп жаткан жокпу? Болбосо, кудай урган киши жемкорлорду колдойбу?

Бир кезде, айтылуу Өмүр-бек Бабанов менен да Алмазбек Атамбаев абдан ынак болгон жагдайы бар. А түгүл кайсы бир жылы жайлата бири-биринин бакчасында көлөкөлөшүп, моокумдары канганча бакчадан кулпунай-ды бирге деп чыкканын өзү шардана кылып айтып чыкка-ны эсибизде. Аныгында, тур-кун түстүү саясат «жолунда» Бабановду «башынан сылап» жакшы эле пайдаланды.

Азыр болсо, Фарид Ниязов «дирижёрлук» кылган Атамбаевчил медиа каражат-тар «Сооронбай Жээнбеков качан Бабановду камайт» -деген кытмыр саясаттын та-цуулай баштады. Мындан улам Атамбаев, Бабановдон да биротоло «жүзүн бурганын» боолголосок болот. Ток этер жерин айтканда Атамбаев акыркы жүруштөрү менен өзүнүн «сымаптай кылтыц-даган» туруксуз адам экенин далилдели. Эмне демек элек, “башы баш, багалчагы кара таш” да!

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: