Кыргызстандын Улуттук банкы “Росинбанктын” бута чейин күрөөгө коюлган акцияларын кайра каттоодон өткөрдү. Анын жыйынтыгында бул банктын 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өттү. Учурда Улуттук банк “Росинбанктын” ишин чыңдоо, анын ичинде менеджмент курамын кайра карап чыгуу, банктын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүүнү пландаштырып жатканын кабарлады. 2013-жылы кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын чечими менен чыгашага учураган “Залкар банктын” 90 пайыз акциясын 198 миллион сомго орусиялык “Инвестторгбанк” сатып алган. Ал эми он пайызы Мамлекеттик мүлк фондунда калган. “Залкар банктын” негизинде “Росинбанк” түзүлгөн жана ал Кыргызстанда 2013-жылы иштей баштаган эле. Жакында банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Андрей Гойхман “үч миллиард сомдон ашык мыйзамсыз акчаны адалдаган” деп айыпталып, камакка алынганы кабарланган.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ