Menu

Ишке жарактуулар неге четте калышат?

Бөлүшүү:

Шүгүр дейли, иштин көзүн билген, кызмат берсе майын чыгара турган кадрлар жок эмес, бар. Тилекке каршы андай азаматтарды бийлик көргүсү келбей жатпайбы. Эмнегедир ким бийликти мыкчыса да өзунөн деңгээли жогору тургандарды жанына түк жолоткусу келбеген жаман адат илгертен эле жашап келатканы жанды кейитет. Ошол үчүн дайыма же теги бар, же мурдунан алысты баамдай албаган кадрлар тааныштык, билиштик аркылуу жамгырдан кийинки козу карындай болуп жамырап келип жатышканы ичти туйлатат.

Гендердик саясатты койуп нагыз ишти жөндөп кете алар кадрлардын ичинен кабелтеңи Дамира Ниязалиева десек кана ким каршы болот? Аны менен үзөңгүлөш болуп калгандар дайыма ийкемдүүлүгүнө, батылдыгына, калыстыгына басым жасашканы бекерден эместир? Азыр бийлик бутагында отурган айрым чоңдор деле муну танууга дарамети жетпейт. Кезинде өкмөт башчынын орун басарлык кызматында турганда ушул эле тың чыкмаларды алдына тизип алып, тапшырмаларды бергенин да калп дейлиби? Тыкылдап, мамлекеттик кызматты илинчеги жок аткарган вице премьердин таскагын байкаган жетекчилер деле негедир коалиция тарап, жакшылар бийликтен кеткенде үн дешпегени кайдыгерлик эмей эмне? Болбосо дымактууларына өзүнө чактап туруп кызмат беришпейт беле? Ошол үчүн жогорку эшолондогулардын кадамдары чийки болуп жатканы ачык көрүнүп калууда. Буга курч көздүн деле кереги тийбейт, анткени баары алаканга салгандай көрүнүп турат.

Бул айымдын таржымалына сөзүбүз супсак болбосун үчүн бираз кайрыла кетели. Дамиранын жүзү Бакиевдин эле мезгилинде элге даана көрүнгөн болчу. Жогорку Кеңешке депутат болуп социал демократтар партиясынан келгенде дагы аны сүрүп чыгарууга көп күч жумшалган. Урулган соккуларга чыдап, өзүнүн бекем эрки аркылуу чабуулдарга туруштук бергенин унута элекпиз. Анан эле үй-бүлөөлүк бийлик кулатылып, экинчи ыңкылап жеңишке жетишкенде алгач кожоюнсуз калган саламаттыкты сактоо министрлигине баш-көз болууга чакырышып, күзүндө шайлоодо утушуп, парламентке келип эл өкүлү болгон. Өкмөттүн иши аксап жатканда аны фракция вице премьерликке көтөргөн. Жеңин түрүнө күжүлдөп иштеп жатканда коалиция ыдырап кетип, бүткүл команда борттон алыс ыргыган.

Ошондон бери кыйла убакыт өтсө да Ниязалиевага байыр салган бийлик болбоду. Албетте, Дамира айым бирөөлөрдүн эшигин кайтарып, ортомчу жиберип кызмат суроодон алыс. Анткени дале болсо өзүнүн турмушун кадиксиз өткөрүүгө кудурети жетет. Ошентсе да этеги жыртылган, эпсиз кептерге чыланган айрым министрлерге караганда бул айымды ишке тартышса мамлекет утушка ээ болоруна кепилдик берүүдөн кысынбайбыз. Кандай кызмат сунушталса да өтөлүнө чыга алмак. Себеби, эбак ишке каныгып, тиш кагып калган, позитив көз карашты топтой алчу сапаттарга ээ. Учурда абдан керек болуп жаткан кадрдын четте калышы ойлондурбай койбойт экен. Балким биздин омоктуу пикирибизге өлкө башчысынын көзү түздөлүп калар деген нотада сөзүбүздү аяктап туралы…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: