Menu

Коррупцияга каршы күрөш ачкан президент менен жолугушууга мурун коррупцияга айыпталып камалган премьерлер менен спикерлер чакырылбаш керек

Бөлүшүү:

Кечээ, 9-октябрда КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Талас жергесине барып, эл менен жолугушуу учурунда жакынкы аралыкта Кыргызстандын мурунку премьер-министрлери жана КР Жогорку Кеңешинин мурунку спикерлери менен жолугушууну пландап жатканын билдирди. Бул албетте жакшы жөрөлгө. Мурунку журт башчылары бир учурда бир жерде уй мүйүз тарта кеңеш курушса, башкаруу тажрыйбалары менен бөлүшүшсө балким өлкөгө пайдасы тиер.

Ошол эле учурда 31-августта “Ала-Тоо” аянтына чакырылган экс-премьер-министрлердин тизмесинде мурун соттолуп, депуттаттыктан куулган  Игорь Чудинов, соттолгон спикерлер Ишенбай Кадырбеков жана Ахматбек Келдибековдор жүрүштү.

2-сентябрда Ысык-Көлдөгү  Көчмөндөр оюнунун ачылышында да кадырлуу коноктордун арасында  да Чудинов, Кадырбеков, Келдибеков жана башка уурулукка, коррупцияга, мыйзам бузууларга шектелип камалып чыгышкан эрендер олтурушту.

Мындай президенттик иш-чараларды уюштурууда чакырылгандардын тизмесине өтө аяр мамиле кылуу зарыл. Анткени азыр коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштап, элди кубантып жаткан президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга айыпталгандар менен кантип бир столдо уй мүйүз тарта олтуруп, алардын кеңешин угат?

Эгер экс-премьер же экс-спикер эле болсо чакыра берилсе анда абактагы экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковду да президенттик жолугушууга чакыруу керек. Анткени Чудинов менен Келдибеков сот тарабынан кылмышкер деп таанылган. Ал эми Сатыбалдиев менен Сапар Исаков али сот тарабынан кылмышкер деп тааныла элек.

Ошондуктан президенттин экс-премьер-министрлер жана экс-спикерлер  менен жолугушуусунун алдында чакырылгандардын тизмеси кылдат текшерилиши керек. Кымындай кири бар, арты булганган адамдар президенттин жанына жолотулбасын. Ууру колдор президенттин таза колун булгабашы зарыл. Бул деген дүйнөлүк практика. Эч качан президент катышкан расмий иш чараларга коррупция боюнча шектелген экс-чиновниктер чакырылбайт.

Коррупцияга каршы күрөштө позитивдүү имиджи бар президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга айыпталып, шектелип, дегеле соттолуп чыккан экс-премьер-министр, экс-спикер менен кол алышып, сүрөткө түшүп, телеканалдардан көрсөтүлсө эл эмне дейт? Кечээ эле тоюна уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн, мурун коррупция боюнча же адам өлтүрүү боюнча соттолгон, шектелген адамдарды чакырып, кучакташып, кол алышып туугандашып жүргөн адам менен президент кол алышып, мамлекетти башкаруу тууралу акылдашып жатса эл жерге түкүрбөйбү. Коомдук пикир деген бар. Эмне, коомдук пикирди эч ким уруп ойнобой калдыбы? Мындай жолугушууну уюштургандар президенттин имиджине доо кетирип жатканын түшүнүшпөйбү? Ошол эле Чудинов менен Келдибековдун эл арасындагы имиджи менен президент Жээнбековдун имиджин бир таразага кимдер коюп жатышат? Кантип ушундай антиподдор бир столдо олтуруш керек?

Мурунку президенттер камаган ууруларды кийинки президенттер мамлекеттик расмий иш чараларга чакырып, төргө чыгарып, акыл кеңеш сурап турса анда коррупцияга каршы күрөштүн тарбиялык мааниси барбы?  Анда эмне, президент Жээнбеков камаган экс-премьерлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковдорду кийинки президент расмий иш чараларга чакырып, мамлекетти башкаруу боюнча кеңешип турабы?

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: