Menu

КР ТИМ билдирүүсү: Россия Кыргызстандын жарандарына «миграциялык амнистияны» колдонуу чечимин кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын камсыз кылуу, алардын жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, миграциялык чөйрөдөгү учурдагы актуалдуу көйгөйлүү маселелерди чечүү маселелерине олуттуу маани берилет.

2018-жылындагы эки Мамлекет башчыларынын бир катар жолугушууларынын жыйынтыгында (2018-жылдын майында Сочи шаарында, 2018-жылдын сентябрында Душанбе шаарында) россия тарабы «кара тизмеде» болгон, ошондой эле миграциялык мыйзамдарды бузган, Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына карата «миграциялык амнистияны» колдонуу чечимин кабыл алган.

Белгилүү болгондой, акыркы маалыматтар боюнча Россияда КРнын 650 миң жараны бар.

КРдин Өкмөтү жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында акыркы жылдары РФке кирүүсү чектелген КРдин жарандарынын саны азаюуда. Бүгүнкү күндө РФке кирүүгө убактылуу тыюу салынган  чет өлкөлүктөрдүн «кара тизмесинде» КРдин 70 миң жараны бар. Алардын 50 миңи россиялык соттор тарабынан чыккан чечимдин негизинде РФтин аймагынан чыгаруу тууралуу чечим чыгарылгандар. Бул тизме дагы 20 миң жаранга кыскараары күтүлүүдө.

РФтин сотторунун чечими менен РФтин аймагынан  чыгарылган  КРдин жарандары соттук тартипте гана жокко чыгарыларына  көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Мында, 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып Россия Федерациясынын компетенттүү органдары РФтин №114-ФЗ «Россия Федерациясына кирүү жана Россия Федерациясынан чыгуу тартиби жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 26-беренесинин 4- жана 8- пунктуларына ылайык, Кыргыз Республикасынын РФнын аймагына кирүүгө  уруксаты жок жарандарына карата тыюу салууну алып салууну көздөөдө.

Маалымат үчүн:

26-берене. Россия Федерациясына кирүү чет өлкөнүн жаранына же жарандыгы жок адамга эгерде чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам:

4) Үч жылдын ичинде Россия Федерациясынын аймагында бир нече жолу (эки же андан көп) административдик укук бузгандыгы үчүн Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартылган болсо – административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө акыркы чечим күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын ичинде;

8) Кечиктирилгис дарылануу зарылчылыгына, Россия Федерациясында жашаган жакын тууганынын катуу ооругандыгына же өлгөндүгүнө байланыштуу жагдайлар боюнча Россия Федерациясынын аймагынан чыгып кетүү мүмкүндүгү жок болгон учурларды кошпогондо, Россия Федерациясында мурунку жүргөн мезгилинде Россия Федерациясынан отуз күн аяктаганга чейин чыгып кетпесе же болбосо жеңе алгыс күчкө (өзгөчө жана бул шарттарда болтурбай коюуга мүмкүн болбогон кырдаалдарга) же башка табигый мүнөздөгү кубулуштарга байланыштуу болсо – Россия Федерациясынан чыгып кеткен күндөн тартып 3 жылдын ичинде уруксат берилиши мүмкүн.

Ошентип, Федералдык мыйзамдын жогоруда аталган пункттары боюнча Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандары, 2018-жылдын ноябрынан баштап, РФ ИИМдин сайтындагы маалымат базасынан өзүн алдын-ала текшерип алуу менен Россиянын аймагына кире алышат.

Мындан сырткары, Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган (мисалы, жүрүү мөөнөтүн бузган жана анча оор эмес административдик укук бузган) жана Россия Федерациясынын аймагына мыйзамсыз кирүүнү улантып жаткан  Кыргыз Республикасынын жарандарына 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин тоскоолдуксуз, тагыраак айтканда административдик жоопкерчиликке тартылбастан жана «кара тизмеге» киргизилбестен, Россиянын чегинен чыгып, кайра кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Ошону менен бирге, россия тарабынын жогоруда аталган чечими Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жайылтылбайт:

– Россиянын соттук органдарынын чечими менен «кара тизмеге» киргизилген, анын ичинде, көзөмөлдөнгөн өз алдынча чыгуу жолу менен чыгаруу жөнүндө РФтин соттук чечими кабыл алынгандарга карата (соттун чечимин аткарбаган жана РФтен чыгып кетпеген);

– издөөдөгү адамдарга;

– РФтин №114 «РФтен чыгуу жана РФке кирүү тартиби жөнүндө» Федералдык мыйзамынын 27-беренесине ылайык Россияга кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандарына карата;

Бул чара мыйзамсыз статуста жүргөн КРнын РФтеги жарандарынын көбүн мыйзамдыштырууга шарт түзөт деп күтүлүүдө.

КРдин жарандары бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануусу жана өздөрүнүн РФте болуусун мыйзамдаштыруусу маанилүү. Бул алардын укугун жана кызыкчылыктарын, ошондой эле алдап кетүүгө жөндөмдүү жумуш берүүчүлөрдүн астында коргоону камсыздайт.

КРдин Өкмөтү системалуу негизде КРдин чет өлкөлөрдө эмгектенген жарандарында болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жана туруктуу негизде алардын укуктук абалын көзмөлдөөнүн үстүнөн иштөөдө.

КРдин РФтеги жарандарынын башка көйгөйлүү маселелерин чечүүнү үстүнөн иштөө КР ТИМ тарабынан эки тараптуу да, ошондой эле ар тараптуу да форматтын алкагында артыкчылыктуу тартипте улантылат.

Анын ичинде, кыргыз тарабы РФ менен, ошондой эле КРдин РФтеги жарандарынын миграциялык каттоо көйгөйлөрүн чечүү боюнча ЕЭКтин алкагында сүйлөшүүлөрдү, Биримдиктин мейкиндигинде жумушчу күчтөрдү эркин жылдырууну камсыздоо максатында, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин административдик укук бузуулары үчүн жаза чараларын либерализациялоону  улантат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: