Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында Армениянын борбор калаасы Ереван шаарында өтө турчу “Топ-модель КМШ – 2018” Эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан модель Дара Вайсман катышат. Баардыгы болуп сынакка Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн 30 катышуучу ат салышат.
Былтыр аталган сынакка Кыргызстандын атынан модель Алтынай Абдымомунова катышып, “Мисс Жылмаюу” наамына татыган, ал эми баш байгени Орусиялык Яна Рубцова жеңип алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ