Орусиянын Приморье крайынын губернаторунун милдетин аткаруучу Олег Кожемяко облустагы атка минерлерге өзү башкарган аймактагы кытайларды кууп чыгуу буйругун берди. Анын көтөргөн бул маселеси жергиликтүү эл тарабынан абдан колдоого алынууда. Себеби, акыркы жылдары бул крайда да ар кандай жолдор менен жүрүшкөн кытайлар көбөйгөн. 56 жаштагы Кожемяко 2005-жылдан бери Амур, Сахалин облустарын башкарган. 2011-жылы Мамдумага депутат болуп шайланганы менен, мандаттан баш тарткан. Приморьеге ал быйыл 26 -сентябрда губернатор болгон.
Бизде да ар кандай жолдор менен жүргөн кытайлар да толтура. Алар кыздарыбызды чекесинен алып, тукумун көбөйтүп жатышат. Биздин атка минерлер кытайлардын “тихий экспансиясын” жок кылууга жарайбы? Бирок бул маселеге ишенүү кыйын. Кыргыздын далай саткын чиновниктери тескерисинче кытайлардын биздин мекенге келүүсүнө ар кандай жол менен шарт түзүп жатышат. Алар менен бизнес кылгандары да аз эмес.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ