Menu

Кынтык издеген “Апрель” телеканалы

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаев түптөгөн «Апрель» телеканалы бийликти ыгы келсе да, келбесе да сынга алып, жумурткадан кыр издөө менен алек. «Бөйрөктөн шыйрак чыгарганга» аракеттенип күйпөлөктөп, миң түркүн айла-амалдар менен кылдан кыйкым издеп жатканы ачык эле байкалууда. Карап олтуруп мыйыгыңдан күлөсүң. Апрелчилер кээде аңдабай өздөрүн-өздөрү «согуп» алып жатышканын айткыбыз келди. Маселен, аз убакыт мурун ТЭЦтин кышка даярдыгы боюнча маселе көтөрүштү. Жылуулук бериле элек, шаар тургундары бушайман болууда деген таризде. Так ошол маалыматтын аягында ТЭЦ кызматкерлери кышка камылга жетиштүү экенин айтты, бирок, былтыр да ушинтип мактанып атышкан эле. Тилекке каршы кышында алардын кандай даярдыкта экендигине күбө болдук деди. Ошондо былтыркы окуяны эстөө менен өздөрүн-өздөрү сын айтып жаткан болбойбу? Айтор, апрелчилердин миң айтканы менен ал сын-пикир элге сиңбей жел менен учуп кетүүдө…

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: