Menu

Депутат Өмүрбек Бабанов: «Өткөн жылы туристтердин көӊүлүн эптеп-септеп Көчмөндөр оюну менен алаксыттыӊар, быйыл кантип жаап-жашырасыӊар?»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын бүгүн, 14-апрелде Каракол шаарында өткөн көчмө жыйынында Ысык-Көл облусундагы жолдордун абалы тууралуу маселе талкууланды. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин жетекчилери, жергиликтүү кеӊештердин депутаттары катышууда.  Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйын жүрүшүндө Балыкчы – Корумду автожолунун курулушун толук бүткөрүү үчүн дагы 5,3 млрд сом талап кылынары белгилүү болду. Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жакында Өкмөт тарабынан 1 млрд сом көлөмүндө каражат берилерин билдирди.

Каржы булагы аныкталбай туруп тендердин жарыяланышына нааразы болгон фракция башчысы Өмүрбек Бабанов бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгып, ошол кездеги өкмөт башчысынын эле эмес, дагы башка өкмөт мүчөлөрү менен аткаминерлердин жоопкерчилигин кароо керектигин баса белгиледи. «Каржылай албагандан кийин, тийбеш керек эле да. Мурда жамандыр-жакшыдыр жол бар болчу, азыр эмне болгонун карагылачы. Туристтик мезгил башталганы турат. Өткөн жылы туристтердин көӊүлүн эптеп-септеп Көчмөндөр оюну менен алаксыттыӊар, быйыл кантип жаап-жашырасыӊар?», – дейт депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: