Menu

14-апрелде Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу болот

Бөлүшүү:

2017-жылы  14-апрелде Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу болот. Бул тууралуу КР Президенттик Аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Биримдиктин алкагында экономикалык өз ара аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелери, андан тышкары эл аралык кызматташтыктын жана Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереӊдетүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле мамлекет башчылары  Молдова Республикасынын  Евразиялык экономикалык биримдиктин алдында ага байкоочу мамлекеттин статусун берүү тууралу кайрылуусун карашат.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны  быйыл Кыргыз Республикасынын  Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалыгынын алкагында өтмөкчү.

Жыйынга  Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, ошондой эле Молдова Республикасынын президенттери катышат.

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусунда уюмду андан ары өнүктүрүү, андан тышкары региондук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланат.

Жолугушууга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын президенттери катышмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: