Тажикстанда буга чейин соттолгон белгилүү жактоочу Бузургмехр Ёровго карата ачылган жаңы иш боюнча 12-декабрда кайрадан сот болот. Ал фемида жана бийлик өкүлдөрүн сыйлабай, акарат келтирген деп айыпталууда.
Адвокатка байланыштуу жаңы иш шаардык сот жана Башкы прокуратуранын тергөөчүсүнүн арызынын негизинде ачылган. Быйыл октябрда сот жараяны учурунда ал акыркы сөзүн сүйлөп жатып, тажик акыны Мумин Каноаттын ырынан бир шиңгил окуп берген. Мындан соң мамлекеттик айыптоочу менен айтышып кеткен.
Соттук жараянга туугандары жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусу үчүн адвокат Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылат.
Ушул жылдын 6-октябрында Дүйшөмбү шаардык соту адвокат Бузургмехр Ёровду 23 жылга эркинен ажыраткан. Соттун чечимине ылайык, жактоочу жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрүүдө.
Ага чейин Тажикстан ИИМи Бузургмехр Ёров алдамчылыкка жана жалган документтерди жасоого шектелип камакка алынганын билдирген. Өткөн жылдын декабрында тергөө белгилүү жактоочуну Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча айыптаган. Анын ичинде «эл алдында экстремисттик ишмердүүлүккө чакыруу» айыбы да бар болгон.
Өкүм чыккандан бир нече күн өткөндөн кийин Башкы прокуратура ага каршы «Сотту сыйлабоо» жана «Бийлик өкүлүн кемсинтүү» беренелери боюнча кайра кылмыш ишин козгогон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ