Menu

Казакбаевдин “кара магиясы”

Бөлүшүү:

Жекшемби күнү бир канча жыл Тышкы Иштер министрлигинде эмгектенген, азыркы Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты, алчы-таасын жеген саясатчы, Бабановдун оң колу, политтехнологу Руслан Казакбаев Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык кылып, уулун үйлөндүрүп той берди. Буга чейин Руслан Айтбаевич айтып кеткендей “уулума өкүл ата Бабанов болот, ал тойго келет” дегениндей эле, Маскөөгө кеткен Бабанов келди. Ит жебеген бокту жешкен, биринин башына бир жугунду куйган, эки жүздүү эмес жети жүздүү саясатчылар келди. Алар: “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов, “Ата-Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров, саясаттын “бульдозери” Азимбек Бекназаров жана экс-спикер “чоң муштум”, “ырайы сулуу” Туйгунаалы Абдраимов өңдүү бир катар адамдар бар. Ошондой эле, экс-президенттин уулу Кадыр Атамбаев да бул тойго катышкан. Катышып эле тим болбостон, бири-бирин кучакташып сүрөткө түшкөнгө да жетишти. Ал сүрөттөрдү Интернет айдыңына блогер Искен Афиджанов киргизген. Өзгөчө эки Өмүрбек менен Атамбаевдин уулунун түшкөн сүрөтү хит болду. Сүрөттөр кызуу талкууга түшүп, эки Өмүрбектин жактагычтары – “жалагычтары” шептерине жагынышып, “Кадыр өзү басып келди, эки мүнөт турган жок” деген сыяктуу кептерди айтып, кожоюндарынын сөөгүн агартып жатышты. Кадыр өзү келдиби, же Өмкелер өмгөктөп бардыбы айырмасы канча? Фотофакт есть – фотофакт. Миң актаганыңар менен бир сүрөттө тарыхта калды. Баарынан да “палиттехнолог” Казакбаевге баа бердик. Саясаттагы баштары бир казанда кайнабаган саясаттагы ажыдар саясатчылардын бир кечеге чакырыш, бир сүрөткө батырыш эмне деген эмгек. Тойдун көркүн ачканга, долларларын чачканга бир адам жетишпей турду. Же эмне Райымга чакыруу кагазы жетпей калганбы же жазылбай калганбы? Болбосо эртең шайлоого аттанам дегендердин баары жүрөт бири калбай. Эмнеси болсо да ушунча саясий лөктөрдүн башын бириктирген эки жаш жана Казакбаев бар болсун! Бактылуу болсун.

          

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: