Menu

Берилген суроолорго министр ачык жооп берди

Бөлүшүү:

Кечээ күнү тогуз айдын жыйынтыгын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кеңири айтып берүү үчүн Ички иштердин министри баш болуп залга киришти. Оболу тогуз айда кандай орчундуу иштер аткарылганына, эмне кемчиликтер бар экендигине, келечекте жасалчу маанилүү долбоорлорго токтолгон генерал Кашкар Жунушалиевдин баяны көңүл борборунда кыттай уюду. Андан кийин жолугушууну маңыздуу улантуу үчүн суроо-жоопторго кезек жетти.

Арийне, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан суроолорду берүүгө камданып келген журналисттер чү дегенде эле талылуу суроолорду бере башташты. Ириде кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган резонанстуу кылмыш иштери тууралуу маселе козголду. Камила Дүйшөбаеванын, Бурулайдын, Абасовдун, Саляновдун өлүмү боюнча жоопту министр өзү, анын тийиштүү орун басарлары беришти. Муну менен катар кадр жаатындагы талаштар, жетекчилик кызматтагы айрым кызматкерлердин жосунсуз жоруктары, тергөөчүлөрдүн калпыстыктары боюнча да соболдор ташталды. Милиция кызматкеринин айлыгы, жашоосу, кыйынчылыктары жөнүндө да маалымат берилди.

Баарынан да интернет булактарынан баш багып кеткен “каңшаарлардын” чын, же төгүн экенине кызыгуулар болгонун да кыстара кетели. Маселен, жол коопсуздугунун жетекчиси Канат Жумагазиев кызматта калуу амалы менен министрге балык чарбасын белекке бергени боюнча суроону К. Жунушалиевге узаттык. Мындай апыртма кепти таратууга кызыктар болгондор бар экенин, тилекке каршы ошол калп маалыматка адамдар көбүрөөк ишенгени тынчсыздандырарын билдирген министр керек болсо Жумагазиевдин өзүнөн сурап көргүлө деген сөзүн айтты. Ошондой эле “Азаттыктын” кабарчысынын кытыгылуу суроосуна да ачык жообун узатты. Маселен жанымда отурган орун басарым генерал Сүйүн Өмүрзаковдун мындай кесепеттүү иштерге барышына ишенбейм деп түз жооп берди. Андан көрө маалымат берерде фактыңарды бышыктап алсаңар дурус болмок деген пикирин да кыйытты. Эмнеси болсо да барган журналисттер үчүн ички иштер министрлигиндеги бүгүнкү абалга саресеп салууга негиз түзүлдү. Көмүскөдөгү иштерге шектенбей сыпаттама берүүгө кырдаал түзүлгөндүгү айкын болду.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: