Азырынча социалдык түйүндөрдө дал ушундай маалыматтар желдей тароодо. Айтылуу Икрамжан Илмиянов камакка алынар замат күч органдарынын тергөөчүлөрү менен «кызматташып», бийликте тургандагы Атамбаев экөөнүн «гүлдөгөн ишмердүүлүгү» боюнча аларга маалыматтарды берип, «шопур сынып калды» таризиндеги кептер жайылууда. Кезегинде Сапар Исаков, Айбек Калиевдер камакка алынганда да дал ушундай маалыматтар тарап кеткен. Андыктан, Илмияновго байланыштуу соцтүйүндөр аркылуу жайылтылып жаткан жогорудагыдай күбүр-шыбырларга азырынча толук ишенүүгө болбойт. Шопурдун космостук ылдамдыктагы карьералык жүрүшүндө топтогон душмандары атайылап ушундай кептерди чыгартканга кызыкдар экени факт. Бийликте турганда шефи экөө катар-катар душмандарды күтүшкөнү сокурга деле маалым. Баса белгилөөчү бир жагдай, Акаев, Бакиев тушунда Атамбаевдин башына иш түшкөндө кыйынчылыкты сабырдуулук менен көтөрүп, шефин сатпаган Икрамжан Илмиянов Сооронбай Жээнбековдун тушунда да кожоюнун сатпай чыдай алабы? Бул жагы азырынча чоң суроолорду жаратууда.
Канжар Борпошов
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ