Menu

Атамбаев Бишкектен Москвага учарда, ага Россияда кортеж болбой турганын айтып, маанайын бузушкан

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаевди экинчи катарга олтургузуп коюшту.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев кызматтан кеткенден кийин деле ЖМКнын жана коомчулуктун көңүл борборунда калууда. Муну анын Москвага жасаган иш сапары дагы бир жолу тастыктады. Иш сапар социалдык тармактарда жана ЖМКда болуп көрбөгөндөй олуттуу талкуу жаратты. Россияга эмне үчүн барды, ал жакта аны кандай кабыл алышты деген суроолорго жооп издегендер арбын болду.

Атамбаев Азиялык жана африкалык партиялардын Эл аралык конференциясынын Башкы Ассамблеясына катышуу үчүн учуп барган. Бул Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жана дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүнүн (ошол эле убакта ал жакта Латын Америкасынын жана Африканын саясий партияларынын Ассамблеялары өтүп жаткан, башкача айтканда, бардык континенттерден саясатчылар келишкен) белгилүү саясатчылары катышкан ири саясий иш-чара болду.

Адегенде Социал-демократиялык партиянын төрагасы Атамбаев Санкт-Петербургка кайрылып, агасынын жесиринин зыйнатына катышты. Алмазбек АтамбаевгеБишкектен андан ары Санкт-Петербургка кетүү үчүн Москвага учуп жатканда РФда ага кортеж болбой турганын айтып, маанайын бузушканын белгилей кетүү кызык. Бирок Россиянын бийликтери баары бир аны Федералдык күзөт кызматынын эскорту менен камсыздоону чечкен. Башкача айтканда, андан ары ал экс-президент болуп эсептелгенине карабай, Москвада жана Петербургда россиялык күзөттүн коштоосунда, төбөсүнө жалпылдама чырак орнотулган унаада жүрдү.

Кеп мында кимдир бирөөлөр Атамбаевге кол салып жибериши мүмкүй экенинде эмес болчу, анткени анын Россия менен достук мамилени жактаары, ошондуктан Россияда да ага тийиштүү деңгээлде жылуу мамиле кылышаары баарына белгилүү эмеспи. Ошенткен менен мындай көңүл буруу – статустун иши болду. Делегациядагылардын айтымында, чечим жогору жакта кабыл алынган. Кыязы, Атамбаев менен болгон достукка бекем Путин аны урматтап жана сиңирген эмгегин баалагандыктан, экс-президентти эскорт менен камсыздоого буйрук берсе керек.

Баса, КРнын УКМКсы экс-президенттин артынан көз салыш үчүн Россияга 20 бекен, же 9 бекен, өз кызматкерин аттантып жибергенин соцтармактар жазып чыгышты. Бирок мындай аракет оңунан чыккан жок – анткени Москвада карапайым унаа менен төбөсүндө жалпылдаган чырагы бар зуулдап учкан машинелердин артынан кубалап жетиш кыйын.

Курамына Атамбаевден тышкары таанымал парламент депутаттары Ирина Карамушкина жана Мурадыл Мадеминов кирген КСДПнын делегациясы достук алакадагы көптөгөн партиялар менен жолугушууларды өткөрүп, Мамлекеттик думада болду жана ал жерде РФнын парламентине кирген бардык партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондой эле рос-сиялык саясатчылар жана эксперттер менен да бир нече жеке жолугушуулар болуп өттү, бирок бул туурасында КСДПнын басма сөз кызматы азырынча кененирек кеп кылбай турууну туура көрөт. Кандай болгон күндө да Москвага болгон иш сапардын программасы толугу менен аткарылып, Атамбаев Бишкекке көтөрүңкү маанайда кайтып келди.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: