Бүгүн 31-октябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине карата “Эне тил жана Айтматов” деген аталыштагы иш чара болуп өттү.
Иш-чаранын максаты Чыңгыз Айтматовдун ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаңы муунга жеткирүү, мекенчилдикке, табиятты коргоого жана сактоого, адамгерчиликке тарбиялоо болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуу жазуучунун өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө презентациялар жасалып, видео материалдар көрсөтүлдү.
Жыйынтыгында дүйнөлүк глобалдуу проблемаларды өз чыгармалары аркылуу айтып, адамзатка көөнөргүс мурас кылып калтырып кеткен жазуучунун чыгармаларын окуп, жаратылышты коргоого, турмуштук сабактарды алып, муундан-муунга мурас кылып өткөрүп берүү баарыбыздын милдетибиз деп таркашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ