Menu

Жашаялмет Тимур Саралаев кызмат кумарына дилгир болуп турат

Бөлүшүү:

Азырынча ушундай кеп кетти. Мавлян Аскарбеков, Дайырбек Орунбековдордон кийинки «Жаңы муундагы» «чыйпыттардан» кызмат алуу кезеги Тимур Саралаевге келгени сөз болууда. Албетте, оомат келсе, бийликке жакса, кызматка келе берсин. Дал ушундай күчкө толуп турган жигиттердин күчүн алуу бийлик үчүн ашыктык деле кылмак эмес. Болбосо буларың «таш чайнап, кум бүркчү» убактарында алтындай убактылары менен энергиясын социалдык түйүндөргө жумшашып, жеңил-желпи «селфилеп» жатышканын кайда катат алек? Бу Саралаевдин канында анча-мынча алабармандык сапат бар эле, кызматка жетсе салмактуу саясатчыга айланган досу Адил Турдукулов сымал оор басырыктуу, олуттуу фигурага айланаар. Баса, кыз-келиндерди чемичкедей чаккан биздин каарман өткөн аптада Сары-Өзөндүн аккуусунун жүрөгүн багындырып, бакыт кушун колуна кондурду. Куш боо бек болсун! Мындай шартта биз жигиттин гүлүнө үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз! Ылайым кармашкан колуңар үзүлбөсүн!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: