Бүгүн, 3-декабрда “”Манас” эл аралык аэропорту” АККнын Директорлор кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, аэропорттун президенти Эмил Чукуевди кызматынан алды.
Расмий билдирүүдө Эмил Чукуев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берген.
Азырынча “Манас” эл аралык аэропортунун президенти кызматынын милдетин аткаруучу болуп, бул ишкананын көп жылдардан берки кызматкери, аэропорттун инфраструктуралык өнүгүү боюнча дирекциясынын директору Абдумалик Бусурманкулов дайындалды.
Абдумалик Бусурманкулов.
Эсиңиздерге сала кетсек, Эмил Чукуев экс-президент Алмаз Атамбаевдин “Кыргызавтомаш” заводунда иштеп жүрүп, Атамбаевге жагып, “Манас” аэропортуна президент болуп дайындалган.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ