Menu

Видео – ИИМ: Интернетте тараган Ош шаарынын мектеп окуучуларынын мушташы боюнча видеого түшүндүрмө

Бөлүшүү:

Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүрүшүндө 2018-жылдын 21-ноябрында жана 4-декабрында жарыяланган видео бир эле окуя экендиги такталган. Аталган окуя 2018-жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 11.00дѳ болгон.
Видеотасмада сабалып, жабыркаган кыз Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу, 2002-жылы туулган.
Ал эми аны ур-токмокко алган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2002-жылы туулган жашоочусу. Ал эми видеону Кара-Суу районунун жашоочусунун курбусу тарткан.
Алгачкы иликтөөнүн жүрүшүндө 18-ноябрь күнү жаңжалдашкан тараптар социалдык түйүн аркылуу байланышып, ѳз ара урушуп кетишкен. Алар бири-бирин интернеттен фейк аттары аркылуу гана таанышып, ѳз ара жаңжалдарын чечүү максатында Ош шаарынын парктарынын биринде жолугушууну сүйлѳшүшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11.00 чамаларында жолугушуп, уруша кетишкен. Ошол жерден окуя видео тартылган. Андан соң видеого тарткан кыз досторунун арасында тараткан. Аталган окуя кылмыштарды каттоо китебине катталды. Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары, азыркы учурда тергөө мыйзамда көрсөтүлгөндөй кайдигер мамиле кылып видеого тартып жана жайылткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселелерди карап жатат.
Ошондой эле белгилеп кетүү керек, 29-ноябрь күнү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Алмазбек Орозалиевдин катышуусунда көчмө ыкчам жыйын өткөн. Анда милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин алдын алуу ишмердүүлүгүндөгү тарбиялоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдоруна байланышкан маселелер талкууга алынган. Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен кызматындагы кемчиликтери үчүн Коомдук коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери тартиптик негизде жазаларды алышкан.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштарды алдын алуу, ага бөгөт коюу жана аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

https://www.youtube.com/watch?v=u065U0TrGYg&t=9s

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: