Киану Ривз. Көпчүлүк бул актерду анын тасмаларда аткарган ролдорунан тааныйт. Тасмаларда эр жүрөк, укмуштуу каармандардын образдарын жаратканы менен Киану Ривз жашоодо жөнөкөй, өзүнүн коллегаларына салыштырмалуу абдан берешен жана боорукер адам.
Жашоосунда ал тасмалардан алган гонорарларынын көпчүлүгүн ар кандай оорулар менен күрөшүүгө жана кайрымдуулук иштерине жумшаган. Маалыматтарга караганда, актер жөнөкөй адамдар менен көп маектешип, эл катары метродо жүрөт.
Актердун мындай адамга айланышына анын өмүрүндө болгон жоготуулар, тагдырдын соккулары жана айланадагы болуп жаткан реалдуулукту көрө билгендиги таасир берген.
Актер жакын адамдарынан көп айрылган: анын атасы баңги менен кармалып, түрмөгө камалган, досу баңгиге ууланып көз жумган, ал эми сүйлөшкөн кызы жол кырсыгында каза болгон, ага чейин алар төрөлө элек баласынан айрылышкан.
Буга карабастан актер өзүн «бактылуумун» деп эсептейт.
Анын белгилүү тасмалары: «Матрица», «Констатнтин: Караңгынын бийи», «Шайтандын жактоочусу», «Акыркы самурай», «Жээктеги үй» жана башкалар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ