Menu

«Өнүгүү-Прогресс»: Жүргүнчүлөрдү жолдо жүрүү эрежелерин билбеген маршруткалардын айдоочулары ташып жүрөт

Бөлүшүү:

Бишкекте 35 маршруттук таксинин айдоочулары жолдо жүрүү эрежелерин билбей сынактан кулашып, кайрадан тапшырууга жөнөтүлдү.  Мындай жаңылык Бишкек ШИИБнын патрулдук милиция башкармалыгы тарабынан таратылды.

Бардык 35 айдоочу тең бейшемби күнү атайын рейддин алкагында ПМБнын кызматкерлери тарабынан жолдо жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалып, атайын сынак тапшырууга жөнөтүлгөн. Алардын бирөө дагы сынакты тапшыра алган эмес.

Маршруткалардын айдоочуларынын ЖЖЭ боюнча сынакты тапшыра албастыгы күтүлгөн нерсе эле. Шаар жолдорунда маршруттук таксилердин унааны кандай башкарып жүрүшөөрү жүргүнчүлөргө эле эмес, башка бардык айдоочуларга дагы белгилүү.

Учурда Бишкек шаарынын коомдук унааларынын абалы абдан аянычтуу деңгээлде. Жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүүгө шашылган маршрутканын айдоочулары жолдо жүрүү эрежелерин толук сактабайт, жол тыгындарын көбөйтөт жана көптөгөн авариялык абалдарды түзөт.

Бишкек шаардык кеңешинде “Өнүгүү-Прогресс” партиясы коомдук унаалар боюнча реформа жүргүзүүнү көздөйт. Аталган реформанын бир механизми катары айдоочулардан жыл сайын ЖЖЭ боюнча сынак алуу жана аттестациядан өткөрүп туруу каралган.

Реформанын жыйынтыгында коомдук унаалардын айдоочулары жеке менчик ишкер эмес, адегенде айдоочу болушу керек. Алардын алдындагы эң башкы милдет – көп  жүргүнчү  салуу үчүн мелдеш эмес, ошол жүргүнчүнү А чекитинен Б чекитине аман-эсен, ЖЖЭ бузбастан жеткирүү болуп саналат.

onuguu-logo-2

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын  шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б. Түлеев тарабынан төлөндү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: