Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт аймактарда чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына жумуш сапарынын алкагында «Мурас» тигүү фабрикасына барды. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы тигүү фабрикасынын ишмердиги менен таанышып, өндүрүштүк цехти көрүп чыкты, ошондой   эле тигүү буюмдарын жана улуттук кийимдерди тиккен эмгек жамааты менен маектешти.

Премьер-министрге өндүрүштүк баскычтар жана тигүү процессин автоматташтыруу жана компьютерлештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти. Ошондой эле ага фабрикада чыгарылган улуттук кийимдердин коллекциясы сунушталды.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, Өкмөт аймактарда чакан жана орто ишкерликти колдоого мындан ары да өзгөчө көңүл бурат.

Өкмөт башчы Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар аркылуу өлкөнүн аймактарында ишкерлердин жаңы мууну түзүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи, алар өндүрүштү өнүктүрүп, рыноктук суроо-талапка жана продукцияларды чет жакка экспорттого багытталат. Ал аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү, жумуш орундарын түзүүдөгү жана салык төлөөдөгү алардын өзгөчө ролун баса көрсөттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: