Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттө өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал коомчулукта «Кыргызстан Кытайдан алган карызды төлөй турган маал келгенде төлөй албай, акысына жерлерин берет экен» деген маалыматтар көп айтылып жатканын жана бул туура эмес маалымат экенин айтты. «Бизде Кытайдын каражаттарына иштетилип жаткан бир нече долбоорлорубуз бар. Акыркы күндөрү коомдо «кытайлык карыздын акысына биз өз өлкөбүздү берүүгө муктаж болобуз» деген сөздөр айтылууда. Бул туура эмес. Бул билдирүүлөрдү өлкөдө абалды дестабилдештирүү максатына таратып жатышат. Келишимдерде мындай норма жок. Кредиттерди төлөөнүн туу чокусу келгенде биз аларды оңой эле төлөп, баардык кредиттик милдеттенмелерди кайтарып алабыз» деди Боронов.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ