Menu

“Текебаев & Мадумаров” тандеми – саясий кызыкчылык!

Бөлүшүү:

Абакта жаткан экс-депутат Өмурбек Текебаев президенттин ырайымына жетүү аракети ишке ашпай калган соң дароо сын өзгөртүп, карама каршы тарапка жүз бурган дай кадамдарды жасай баштагандай таасир калтырууда. Дегенибиз, бүгүнкү бийликтин бүт ишин бүкүл бойдон сындап жаткан Адахан Мадумаровду сүрөгөн, аны «апендинин кызындай» мактаган, «өлкөдө эң кадырлуу эки саясатчы болсо анын бири так ушул Мадумаров» деген маеги мезгилдуү басылмалардын бирине өткөн жумада жарык көрдү. Ошол эле басылманын башка бетине Мадумаровдун Өмүрбек Текебаевди айга-күнгө теңеген маеги да чогуу чыкты. Бул маектер талашка жем таштады. «Биригүүгө карай жасалган алгачкы кадам, мына «Текебаев-Мадумаров» тандеми жанданды десе, айрымдары «авантюрист, конъюктурщик» дегенге чейин барды.

Ооба, саясатта күтүүсүз нерсе көп болот, өзгөчө ашмалтайы чыккан биздин «итий» саясатта андан да таң калычтуу нерселерди күтсө болот эмеспи. Бирок, Текебаев менен Мадумаровдун «кол кармашайын» деген аракетине коомчулук таң калып турган чагы, кечээ эле бири-бирин көргүсү келбеген саясатчылар бүгүн бир казанда кайнай алабы деген таризде.

Чындыгында сөз болуп жаткан эки саясатчынын түшүнүгү да, кулк-мүнөзү да эки башка эмеспи. Же жеке мүдөөсүнө жетиш үчун булар уят, намыс, абийир деген нерселерди жыйыштырып коебу? Эгер андай болсо эртең эл эмне дейт? Баса, эки эрендин бирөөсү Апрель революциясына активдүү катышса, экинчиси баатырларды каргап-шилеп, «жырткыч» деп жургөнү унутулдубу. Эми бул жагы кандай болот? Бул боюнча саясатка баам салып жүргөн Кайып Шердин оюн угуп көрөлү…

Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыр: “Коомчулук баягы эски малдын көзүндөй болгон саясий жүздөрдөн тажап бүттү”

 —Кайып мырза, «Мадумаров-Текебаев» тандеминин илеби байкала баштады дешуүдө? Сиз кандай ойдосуз?

—Адахан Мадумаров деген эрен Апрель баатырларына шек келтиргенин унуткан окшойт. Мадумаровдун Каркыраны казактарга карматканын унута элекпиз. Ал эми Өмүрбек Текебаев Үзөңгү-Кууш сатылган маалда элге күйгөн кишинин образында «каршы» добуш бергени менен, аныгында элдин көзүн жазгырып, кворум түзүп бергени чын да, эй! Бул жагынан алып караганда,
экөөнүн саясаттагы жолу эки ача болгону менен жер сатуу маселесинде коендой окшош. Ал эми бүгүнкү күндөгү биригүүгө карай бараткан аракеттер экөөнө тең ыңгайлуу болгон үчүн жасалууда. Мисалы, элдин ишениминен ажыраган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн сүйлөгөнүнө караганда Мадумаровдун какылдап сайрап, сөз арасында «Текебаев акыйкатсыз камалды» деп жар салып турганы Текебаевге пайдалуу. Ал эми Мадумаров шайлоого чейин тил безеп, Текебаевдин электоратын, ресурсун пайдаланайын деп жатат. Анткени өзүнүн арты жука, электораты чийки. Айтор, эки тарап тең бирин бири ооз учунда мактаганы менен, ичтеринен култуюп, котур ташын катып турат. Бири мен абактан чыксам болду десе, экинчиси ашуудан ашып кетсем бүттү деген принцип менен күнүмдүк кызыкчылыктын алкагында иш жүргүзгөнгө аракеттенүүдө деп билем. Тилекке каршы ал ишке ашпайт. Булардын жолу башка, кайнаса каны кошулбайт. Бириктик деген күндө да басар жолу бөлөк. Эл дагы колдобойт. электораты дагы бири-бирин кабыл албайт.

Аны менен бирге Текебаев парламенттик түзүлүштү жактайт, ал эми Мадумаровдун кулк-мүнөзү президенттик башкарууга ылайыкташкан. Кыскасы, бул экөөсү түпкүрүнөн башка болсо да, «жаңы кадам, жаңы дем» деген курулай ураан менен саясий процесске жуурулушуп кетүүнү көздөп жатышат десем жаңылышпайм. Себеби, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо булардын акыркы шансы. Аралашып калса кетти, болбосо биротоло саясаттан сүрүлүүгө мажбур болушат. Коомчулук баягы эски малдын көзүндөй болгон саясий жүздөрдөн тажап бүттү. Жаңы адамдарды көргүсү келет.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: