– Мунапыс тууралуу мыйзамдын демилгечилеринин бири катары айтсаңыз, долбоордун каралышы эмне себептен создулуп жатат?
– Создукканы – талкуу болуп жатат. Долбоор даярдалганда бул жерде депутаттар жана президенттин аппараты карайт да. Карап, ондоо-түзөөлөр менен кайра берилген. Кечээ күнү комитетте каралды. Кээ бир кошумчалар киргизилди. Мурун соттолгон адамды президент өзүнүн жарлыгы менен актоосуна укук берилип атат. Акыйкатчынын актоо боюнча кайрылуу жасоосуна укук берилет.
– Долбоордун демигечилеринин бири Исхак Масалиев «ортодон бирөөлөр чыга калып, мыйзам артка жылып кетти» деп айтпадыбы. Сиз айта аласызбы, ким тоскоол болууда?
– Аны мен билбейт экем. Азырынча процедурасы менен эле келатат. Мыйзам талкууланып жатканда сөзсүз кайрылуулар, же болбосо сын пикирлер келип түшөт. Ошонун негизинде кайра караш керек болот.
– Мыктыбек Абдыдаевдин «бул мыйзам жаңы жылга чейин кабыл алынса жакшы болот эле. Эми кодектердин ишке кириши менен анын көп жерин оңдош керек болуп калды» деген пикирине эмне дейсиз?
– Ал жагы бар. Кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу оңдоолор керек. Андан башка дагы кээ бир мүчүлүштүктөр, коомчулуктан сын пикирлер болгон. Ошолордун баарын оңдоп-түзөп жатабыз.
Аттокур Жумаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ