Menu

Депутаттар мамлекеттик алым канча өлчөмгө азайып жатат деген негизги суроого так жооп ала алышкан жок

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө” өкмөттүн токтом долбоорун карады. Белгилүү болгондой, эгер жаран 100 миӊ сом зыян тартса, ал өз укугун коргоп сотко кайрылуусу үчүн ошол тарткан зыяндын 10 пайызын же 10 миӊ сомду мамлекеттик алым катары төлөөгө тийиш болчу. Конституциялык палата мындай чара баш мыйзамга кайчы келет, жарандардын сотко кайрылуу укуктарын чектейт дегендей чечим чыгарган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бир катар депутаттар белгилегендей, учурда эл өкүлдөрүнө көптөгөн жарандар каражатынын жетишсиздигинен улам сотко кайрыла албай келет. “Соттор өздөрүнүн ишин азайтуунун оӊой жолун таап алган. Эң жогорку айлык менен пенсияны соттор алат, анысы аз келгенсип, жумушубуз көбөйүп кетет деп, жарандардын сотко кайрылуу укуктарынан ажыратышкан. Жабырлауучулар кайрылып жатса, биз алардан акча сурап жатабыз. Бул өтө туура эмес”, – деди депутат Акылбек Жапаров.

“Мисалы аялы менен күйөөсү ажырашып, мүлкүн бөлүү үчүн экөө тең сотко кайрыла албайт. Анткени, ким сотко арыз менен кайрылса, ошол талаштуу турак жайдын баасынын 10 пайызын мамлекеттик алым катары төлөшү керек. Эгер там 1 млн сом турса, 100 миӊ сом төлөшү зарыл. Муну тез арада өзгөртүүбүз керек,” – деди депутат Зиядин Жамалдинов. Ал мамлекеттик алым юридикалык жактарга караганда жеке жактарга көп салынып калганын кошумчалады.

Ал эми депутат Бактыбек Раимкулов бул чынында карапайым элди эзген токтом болгонун кошумчалады. “Мына, дыйкандар банктардан насыя алат. Түшүмү актабай калган учурда, аны кайтарып бере албай калууда. Бирок, банктар сотко кайрылганда, соттор 99,9 пайыз банктардын пайдасына чечип берет. Байкуш дыйкан банкрот болгону аз келгенсип, жанагы карызын да төлөйт, соттон утулган соӊ, албетте, мамлекеттик алым да дыйкандын мойнуна илинет”, -деди эл өкүлү.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар мамлекеттик алым канча өлчөмгө же канча пайызга азайып жатат деген негизги суроого так жооп ала алышкан жок. Ошондон улам, тармактык комитет бул маселени келерки жыйынга жылдырды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: