— Менин оюмча, эгерде азыркы өкмөт башчы Абылгазиев отставкага кетсе, анын ордуна эң ыңгайлуу кандидат Сариев Темир Аргенбаевич деп ойлоймун. Себеби, мыкты уюштуруучу жана менеджер катары өзүн Экономика министри жана премьер-министр болуп иштеген убакытта көрсөтө алды. Бизге азыр мындай айтканда “тяжеловес” өкмөт башчы керек. Ал чечкиндүү жана экономиканы жакшы түшүнгөн инсан болуусу зарыл. Экономика боюнча түшүнүгү тайкы кадр келе турган болсо, абал мындан да оорлойт. Ошо эле кезде ал инсан башка мамлекеттер менен иш алып барганды билиш керек. Мисалы, Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана башка коңшу мамлекеттердин өкмөт башчылары менен дагы мамиле түзгөндү билүүсү зарыл.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ