Menu

УКМК: Опузалап 10 миң АКШ доллар акча талап кылган чет элдик жаран кармалды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3 миң АКШ доллар өлчөмдө акча каражатын алып жаткан
учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны А.Ю. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.

Аталган факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде “Опузалап пара талап кылуу” каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 2019-жылдын 16-февралында Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ю. карата, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына эки айга камоо баш коргоо чарасы каралды.

Азыркы убакта ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: