Menu

Трамп Космостук аскер бөлүгүн түзүү тууралуу жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн космостогу кызыкчылыктарын коргоо менен алектене турган Космостук аскер бөлүгүн түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Өткөн жумада АКШнын аскердик чалгын агенттиги жарыялаган баяндамада өлкөнүн башкы каршылаштары катары Орусия менен Кытай көрсөтүлгөн. Анда бул эки өлкө АКШ менен космосто күрөшүү үчүн бир катар чараларды көрүп жатканы, анын ичинде аскердик жандоочторду, энергетикалык куралды жана байкоочу түйүндөрдү түзүп жаткандыгы белгиленген.

Пентагондун эки кызматкери «Америка үнү» радиосуна берген интервьюсунда Космостук аскер бөлүгүн түзүү тууралуу мыйзам долбоору Конгресске кийинки дүйшөмбү күнү киргизилерин айтышкан. Анда жаңы аскердик бөлүктүн болжолдуу бир жылдык бюджети көрсөтүлүп, алдыңкы беш жылдын ичинде ага жылына 73 миллион доллар бөлүнө турганы белгиленген.

Трамп Космостук аскер бөлүгүн түзүү тууралуу алгачкы жолу былтыр мартта айтып, бул багыттагы коргонуу үчүн каржылоону көбөйтүүнү убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: