Menu

Теңиз Төлөмүшов, Кемин районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы: “Атамбаев бийликке кан менен келип, элдин үмүтүн актабай, жеке кызыкчылыгын өлкө кызыкчылыгынан бийик койду”

Бөлүшүү:

“КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын кезексиз дагы бир конференциясы Чүй өрөөнүнүн Кемин  районунда 14-февралда болуп өттү.

Конференцияга райондун бардык аймактарынын баштапкы партиялык уюмдарынан 300 делегат жана 66 коноктор катышты.

Конференциянын ишин  КСДП партиясынын ардагер мүчөсү, Апрель Элдик Революциясынын Баатыры, Ысык–Көл облусунун губернаторунун мурдагы орун басары, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын төрагасынын орун басары Н. Кененбаева алып барып, анын президиумуна 6 киши шайланышты.

Ошондой эле алып баруучунун сунушу менен конференциянын чогулушунун төрагалыгына “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын демилгечиси Абдрахманов Сагынбек Уметалиевич шайланды.

Конференциянын күн тартибине 2 маселе – Резолюцияны кабыл алуу жана Кемин району боюнча “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын координаторун шайлоо маселелери бир добуштан бекитилип биринчи сөз С. Абдрахмановго берилди.

Ал өз сөзүндө партияны жемкорлордон жана партинын атын жамынгандардан тазаланышы керектигин айтып, айткандарын втдеотасмалар менен коштоп түшүндүрдү. “Жерүй” алтын кени жана мигранттар маселелеринин курч көтөрдү.

Конференциянын делегаты Сайрабүбү Сатылганова өз оюн кошумчалап, кыймылды колдой турганын билдирүү менен, 2010-жылдагы Апрель революциясынын тарыхый жолуна токтолду. Ал эми Бейшеналиев Эмиль  өлкөдө  болуп жаткан коррупциялык көйгөйлөргө токтолуп кыймыл көтөрүп жаткан көйгөй актуалдуу экенин белгиледи. Атамбаевдин туура эмес бийлигинин убагындагы ченебеген мыйзамсыздык, сот системасынын туура эмес иштерине токтолду. Эмне себептен биздин партиялаштар башка партияларга кетүүгө мажбур болгондугуна түшүндүрмө берди.

Ошондой эле, Талас облусунан келген конок, СДПК партиясынын мүчөсү, СДПК партиясынын координатору Көчөркулов Адыл партиянын көптөн күткөн үмүтү акталбай, мурунку партия мүчөлөрүнүн эмгеги, ишеними акталбай, кадырлуу партиянын кадыры  кетип, кокустан кошулган ар кандай идеясыз, өз кызыкчылыгын ойлогон наадандар партияга көлөкө тушүрүп жаткандыгына токтолду.

Делегаттардын өзгөчө көңүлү ардагер карыя, Кемин районунун аксакалдар кеңешинин төрагасы Төлөмүшов Теңиздин сөзүнө бурулуп, анын  КСДП партиясы тазаланууга муктаж экендиги, өлкөдөгү саясий абал жөнүндө ой-пикирлери жана Атамбаевдин кан менен келип элдин үмүтүн актабай, жеке кызыкчылыгын өлкө кызыкчылыгынан бийик койгондугун баса белгилеп, өзүнүн ооруп үйдө жатканына карабай, атайын ушул конференцияга өз оюн билдирүү үчүн келгендигин айткан сөздөрүү кубаттоого ээ болду.

Ошондой эле, жарыш сөзгө чыккан Султан Жамгырчиев азыркы мезгилдеги көйгөйлөрдү санап өтүп, өзүнүн 2004-жылдан бери КСДП партиясынын мүчөсү экендигин жана партиянын бийликке келгенден кийинки саясатына өтө нааразычылыгын билдирүү менен партияга башына башкача көз караштагы адам келиши керек экендигин айтканы конференциянын катышуучуларынын көңүлүн буруп кетти.

Конференцияны аягында резолюция көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынды жана “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын Кемин району боюнча координатору шайланды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: