2018-жылы прокуратура органдары тогуз миңден ашуун баланынын укуктарынын бузулууларын аныктаган. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда тегерек столдо башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди.
Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен көзөмөлдөөчү орган сотко 25 доо арыз берген. Алардын көбүнчөсү ата-энелелик укуктан ажыратуу жана баланын мүлк укуктарын коргоого тийиштүү болгон.
«Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан баланын укуктары тууралуу мыйзамдын бузулушуна жол бергендиги боюнча прокуратура бир жарым миң акты түзгөн. Баланын укуктарынын бузулушу боюнча 33 кылмыш иши козголгон. 1800дөн ашуун кызматкерлер администрациялык жана дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды»,-деп билдирди Нурлан Дүйшөмбиев.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ