Menu

Венесуэла Колумбия менен чек арасына аскерлерди жайгаштырды

Бөлүшүү:

Венесуэла армиясынын кол башчысы “элдин коопсуздугун жана бейкутчулугун сактоо максатында ” Колумбия менен чек арасында аскерлерди жайгаштырды.

Мындай маалымат Венесуэла армиясынын Твиттердеги расмий барагында пайда болду.

Чек аранын бул бөлүгү толугу менен жабылганын өлкөнүн вице-президенти Делси Родригес да билдирди. Ал Колумбия өкмөтү Венесуэланын эгемендүүлүгүнө олуттуу коркунуч жараткандыктан, Симон Боливар, Сантандер жана Унион көпүрөлөрү да тосулганын айтты.

23-февралда Америкалык өлкөлөрдүн уюму (OAS) Венесуэлага 600 тонна гуманитардык жүк салынган 10 жүк ташуучу унааны жөнөтүүнү пландаган.

Венесуэлада оппозициялык лидер Хуан Гуайдо өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялаган жана көз карандысыз шайлоо өткөрүүнү талап кылып келет. Гуайдо АКШдан гуманитардык жардам алууну колдосо, Мадуро буга каршы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: