Алдыдагы парламенттик шайлоого Жанар Акаев айрым депутат коллегаларынын коштоосунда «Демилге» партиясы менен чыга турганы, ошого катар айланасына ар тармактагы аттуу-баштууларды да имерип, өзүнчө саясый күч түзүүгө ашыкканы алдыртан байкалды. Мындай жигердүү кадамга миллиондогон жашылбайлар сарпталары белгилүү. Айрым маалыматтар боюнча, Жанар мырза Түркиядан, Батыштан демөөрчүлөрдү таап атканы ыраспы? Алардын колдоосу менен чоң оюндун ажарын ачса, андан аркысы кандай болот? Кыргыз саясатындагы белдүү саясатчыларды сырткы күчтөр башкара баштаса, мамлекеттүүлүктүн эртеңине коркунуч жаралбайбы? Азырынча суроо жолдоп туралы. Баса, «Калыс Медиа» аттуу сайт ачып, “чукуламай” жагын да жөн баштаган жок го?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ