КТРКда миллиондогон каржаттар ар кандай жол менен айланып турары маалым. Айрым учурларда өз багытынан адашып айланып жаткан миллиондор кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн да кандайдыр бир деңгээлде иштеп кетиши мүмкүн. Эми бул айтылган сөзгө мисал келтирели. КТРК Мамлекеттик сатып алуулар порталына кино тартуу багыты боюнча 11 миллион 263 миң сомдук тендер жарыялаптыр. Болгон убактысы 2 эле күн. Убактысы боюнча мыйзамга туура келип жатабы? Бул жагы суроо жаратууда. Же 11 миллион сомду эчак бирөөлөргө берип коюп, эми мыйзамдаштыруу үчүн тендер жарыялап жатабы? Бул тендерге катышкысы келген башка каалоочулардын укугу чектелип жаткан жокпу? Негизи эки күн ичинде тендерди ары-бери бүтүрүп салууга болобу? Документтерди даярдоого эле бир топ убакыт кетери маалым. Бул жагы суроо жаратат. КТРКнын Байкоочу Кеңеши бул маселеге кайдыгер карабашы керек. Балким , КТРК бул маселе боюнча түшүндүрүп берип койсо ашыкча болбос.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ