Menu

Видео/фото – Камчы Көлбаев менен абакта бир олтурган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алматыдан кармалды

Бөлүшүү:

8-март күнү Алматы шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ИИМнин бирдиктүү жүргүзүшкөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны А.Б. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун бир нече жолу соттолгон тургуну Казакстандан кармалды. 2019-жылдын март айында Алматы шаарынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Казакстан  Республикасынын Алматы шаарындагы Полиция департаментинин УККБси менен бирдикте Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган А.Б. аттууну кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Кыргыз Республикасынын  Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 231-беренесинин 1-бөлүмү (Уюшкан кылмыштуу шериктикти, уюмду уюштуруу) менен 170-беренесинин 1-2-бөлүмдөрүндө (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча эл аралык издөөдө жүргөн. Чүй облусунун 1971-жылы туулган А.Б. аттуу жашоочусу мурда тоноо, карактоо, өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү, адамды уурдоо, опузалап талап кылуу беренелери боюнча бир нече жолу соттолгон.

Ошондой эле, ал криминалдык дүйнөдө “Смотрящий” макамы менен таанымал.

Жаза мөөнөтүн Камчы Көлбаев менен бир камерада өтөгөн.

2011-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн А.Б. аттуу жаран азыркы учурда Казакстан Республикасынын мыйзамсыз берилген паспортун колдонуу менен Алматы шаарында жашырынып жүрөт деген такталган маалымат алышкан. Ушунун негизинде КМКнын УККБнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМдин буюртмасы менен Казакстан Республикасынын Алматы шаарына командировкага жөнөп кетишкен.

2019-жылдын 8-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Алматы шаарындагы Полиция департаментинин УККБси менен бирдикте эл аралык издөөдө жүргөн А.Б. аттуу жаранды кармашкан. Кармалган жаран абакка киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: