Алдыга өнүгүүнү ойлосок, жаздын ар бир күнү кымбат. Бишкек мэри Азиз Суракматов шаар кыдырып калганын абдан пиар кылдырып, сүрөткө түшүп, видеого тарттырууну өнөр тутуп алды. Элдин кайсы көйгөйү чечилүүдө? Ар ким өз арабасын өзү тартууда. Таңгаласың, Суракматов ар бир күндү текке кетирбей, шаарыбызга бак-дарактарды тигүүгө батыл киришсе, жашылдандыруу жагын жогорку деңгээлде демилгелесе болбойт беле? Бишкекте жылыга канча бактар куурап, баягы жашыл шаарыбыз отолуп-буталып, көзгө да комсоо көрүнө баштады. Тазалыкты сактоо менен мына ушул жагына өзгөчө көңүл бурганында, кийинки муунубуз үчүн эстей турган иши калмак да, туурабы? Тилекке каршы, Суракматов иштеп аткандай түр көрсөтөт, а кана жыйынтыгы? Канча инвестиция келип атат, жумушчу орундар камсыздалуудабы? Жүрөк жылыткан жооп жок!
Кубат Карачев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ