Бишкек шаардык кеңешинин бир нече жолку депутаты болуп жүргөн Павел Десятников саламаттыгына байланыштуу демиш болуп мандатын тапшырды. Жакында Интернет булактарында ал Орусиянын да жараны экендиги тууралуу маалыматтар чыккан.
«Кош жарандуулугу жөнүндө маалыматтар чыккан соң ал аймактык шайлоо комиссиясына чакыртылган, бирок ден-соолугуна, иш-сапарларына байланыштуу келген эмес. Өз каалоосу менен мандатты тапшыргандыктан, анын жарандыгына байланыштуу маселени комиссия териштирбейт», – деди Маматов.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ