Menu

Түркмөнстанда нөшөрлөгөн жамгырдан жолдор бузулду

Бөлүшүү:

Узакка созулган жамгырдан кийин Ашхабаддын көптөгөн көчөлөрү бузулду. Асфальттар тешилип, жаракалар пайда болду.

Суу коммуникациялык тоннелдерди бойлой агууда. Ал жерде электр, телефон, ТВ жана интернет кабелдери жайгашкан. Суудан улам электр зымдары туташып, авария болушу ыктымал.

Учурда бир нече кичи райондордо жер төлөлөр суунун алдында калды. Буга жамгыр гана эмес, жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү дагы себеп болду.

Түркмөнстанда марттын экинчи жарымынан бери нөшөрлөгөн жамгыр токтой элек. 21-мартта “Түркмөнстан хроникасы” Мары облусундагы шаарлар сел алдында калуу коркунучунда экенин эскерткен.

Мары облусундагы суу сактагычтарда жээктерди бекемдөө, дамбаларды куруу иштери уланууда. Ал жерлерде чатырлар тигилип, аскер кызматкерлери жашап жатат. Жоокерлер каптарды кумга толтурушууда, андан кийин аларды тик учак менен суу сактагычтын жээктерине алып кетишүүдө. Бул арада Тагтабазар районунун Сарыяз жана Имамбаба айлынын тургундары дөбөлөрдө жашап жатышат. Көптөгөн үй-бүлөлөр бозүй, чатырларды тигип алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: