Menu

47-түрмө Атамбаевдин концлагериби?

Бөлүшүү:

15-апрелдеги Бишкек шаардык сотунун коллегиясы (төрагалык кылуучу Адис Момуналиев) ден соолугуна байланыштуу УКМКанын экс-төрагасы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн шарттуу бошотуу жөнүндөгү арызын караган соттук отурумду кезектеги жолу кийинкиге жылдыруу тууралуу чечим кабыл алды. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 9-апрелдеги соттук отурумда күбө катары суралчу 10 врачтын 9у суралып, 10-су келбей калгандыгына байланыштуу чечим кабыл алынбай калган болчу. Ошондо адвокаттар жана сот залында катышып отурган коомчулук М. Суталиновдун пайдасына сүйлөгөн 9 күбөнүн көрсөтмөсү чечим кабыл алууга жетишерлик деген пикирлерин билдиргендиктерине карабастан, соттук коллегия 10-күбөнү суроо зарылдыгына шилтеп, өтүнүчтү четке каккан эле.

Иштин материалдарында жогорудагы 10 күбөнүн (врачтар: А. Саргатаева, Н. Сол-тонбекова, М. Жунушева, Г. Куканова, А. Ибраева, Ф. Атаходжаев, Е. Степанова, 0. Давлетбекова, А. Токтомушев, Т. Абдылдаев) Ленин райондук сотунда берген көрсөтмөлөрү, медициналык комиссиянын корутундусу бар экендигине карабастан, өзгөчө коркунучтуу ооруга кабылган М. Суталиновду сот тарабынан кыйноону улантуу белгисиз мөөнөткө создуктурулду. Соттук коллегиянын мындай карөзгөйлүк менен М. Суталиновго жабылган бул жалаа менен каргашаны колдоосунун артында ырайымсыз Атамбаевдин коркунучтуу сөлөкөтү тургандыгын эч ким жокко чыгара албастыр.

Сот отурумунда Атамбаевдин талабы боюнча ишти создуктуруу үчүн кайталап сурак кылып, көрсөтмө алуунун зарылчылыгы болбосо да, М. Суталиновду атайылап кыйнап, тийиштүү чечимге келүүнү жасалма создуктуруу адвокаттардын жана туугандардын гана эмес, коомчулуктун да нараазылыгын пайда кылды. Соттолгондун акыбалы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн, курамына профессорлор, доценттер, жогорку категориядагы тажрыйбалуу врачтар кирген авторитеттүү комиссия мүчөлөрү М. Суталиновдун акыбалы өтө оор экендигин шаардык соттун отурумунда кайталап берген жоопторунда да бир добуштан белгилешти.

Процесс учурунда мамлекеттик айыптоочу, прокурор Бакыт Ибраимов: “Суталиновдун ден соолугуна түрмөдөгү стресстик шарт тескери таасир этиши мүмкүнбү? Түрмөдөн бошотуп, ооруканада же үй шартында дарылоонун пайдасы барбы?” деген суроону сот отурумунда суралган, медкомиссиянын мүчөсү болуп эсептелген ар бир врачка берип жатты. Врачтар тарабынан: “түрмөнүн шарты оорулуунун айыгышына эч качан мүмкүнчүлүк түзбөйт…” деген жооптор айтылды.

47-түрмөнүн башкы врачы Ф. Атоходжаевдин, профессор-хирург Т. Абдылдаевдин авторитеттүү пикирлери да атамбаев-чил соттордун туура — мыйзамдуу чечим кабыл алуусуна таасир эте алган жок.

– Мен Мурат Суталиновду операция кылып, оң бөйрөгүн алып салгам,-деди 56 жылдык дарыгерлик стажга ээ болгон профессор-хирург Асанбек Токтомушев, соттук коллегия мүчөлөрүнүн жана прокурордун суроолоруна жооп берип жатып,—Суталиновду түрмөнүн шарттарында дарылоого таптакыр мүмкүн эмес. Себеби, ал рак илдетинин 4-даражадагы терминалдык стадиясынан катуу жабыркоодо. Дегеле Суталиновдун айыгып кетүүсүнө көзүм жетпейт. Кудай сактагай эле…

Атүгүл сот отурумунда мамлекеттик айыптоону колдоп келген прокурор да айыптоону улантпай: “соттун кароосуна калтырам” деп бир нече жолу кайталап айткан сөздөрү жогорудагы пикирди кы-йыр түрдө болсо да бекемдеп отурат. Эмне үчүн дегенде соттук коллегиянын төрагасы А. Момуналиевдин пикир сураган ар бир кайрылуусу сайын прокурордун айыптоону колдобой жаткандыгына маселени түшүн-гөндөрдүн баары ыраазылык жана туура көрүү менен көңүл бурушту.

Акыркы сот отурумуна 25 жылдык жаза мөөнөтүн 47-түрмө-ооруканада өтөп жаткан Мурат Суталинов кан басымы көтөрүлүп, акыбалы оорлошуп кеткендигинен улам, сот залына апкелинген эмес. Ошондуктан, сот отурумунун алдынан адвокаттар ишти кароону Суталиновсуз эле баштай берүү сунушу менен чыгышты. Анын үстүнө соттор шылтоолоп, бетке кармаган 10-күбө – врач А. Усупбаев да келген болчу. Бул жолу эч бир шылтоо таппаган соттук коллегиянын төрагасы А. Момуналиев: “ЖАМКынын өкүлү келбей калгандыгына байланыштуу сот отуруму 7-майга жылдырылсын” деген негизсиз, мыйзамсыз чечимин жарыя кылды. Калыстык үчүн айтып кете турган нерсе – бул жерде ЖАМКынын өкүлүнүн катышуусунун эч бир зарылчылыгы жок болчу. Себеби, ал өкүл буга чейин да 6-7 жолу соттук отурумга катышып, анын катышуусуна карата эч кандай процессуалдык зарылчылык болгон эмес. Эми, минтип, соттук коллегиянын төрагасы айла табалбай, аргасы түгөп, ЖАМКынын өкүлүнүн жоктугун бетке кармап отурат.

– Бул чечим жеткен мыйзамсыздык, – деди Мурат Суталиновдун 80 жаштагы басалбай калган оорукчан апасы Канапия Суранбаева. -Оорукчан уулумду кыштын күнү калдырап шамал ышкырган автозакта түрмөдөн ооруканага, ооруканадан сотко ташый берип, ден соолугу түгөп бүттү. Муратты кимдир-бирөөлөрдүн буюртмасы боюнча акырындык менен өлтүрүп салуу аракеттери соттордун колу менен ишке ашырылууда…

Коомчулукка белгилүү болгондой, мурдакы УКМК төрагасы Мурат Суталинов Атамбаевдин тукуруусу менен ак жерден жалаага кабылып, 25 жылга эркинен ажыратылган эле. Соттордун акыркы 6-7 жылдан берки күжүрмөн генералга карата кылган мамилелерине караганда алжыган Атамбаевдин бузуку таасири ар бир сот отурумунда сезилүүдө. Антпесе, Мурат Суталинов кылбаган кылмышы үчүн мынчалык оор мөөнөткө эркинен ажыратылмак эмес. Ажыратылган күндө да 10-апрель окуялары боюнча камалгандарга окшоп эчак боштондукка чыкмак. Же болбосо, Батукаевге окшоп 5 миллион доллар чапканда, Атамбаевдин кекчил жини эчак жазылып, көңүлү автоматтык түрдө көтөрүлүп, Мурат Суталинов эркиндикте жүрмөк.

Соттор үчүн коомчулуктун адилеттүү талабы менен Конституциянын нормаларына караганда карөзгөй Атамбаевдин мыкаачылык буйругу өйдө тургандай…

Номанжан Аркабаев, адвокат

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: