Menu

Саясаттагы муундар алмашуусу башталды

Бөлүшүү:

Жаз алды менен эле башталган коомдук-саясий жашоонун температурасын кызытуу аракеттеринен эч майнап чыкпай калгандыктан, ар кандай саясий топтор жана чачкын күчтөр жаңы төрөлгөн жана көздөрү али жакшы ачыла электен улам, ар кайсыл бурчту тумшугу менен түрткүлөп, кайсалап жем издеген сымал, мындан ары эмне кылууну билбей калышканы ачык байкала баштады. Мындай маанай айрыкча кечээ жакында эле Жогорку Соттун имаратынын алдында — ​Эски Аянтта өткөн митингде байкалды.

Адегенде эле, абдан масштабдуу митинг болот деп, бир жарым-эки айдан бери жар салып, коомдук маанайды козутууга далалат кылган уюштуруучулар алты миң киши турмак, алты жүздөн бир аз ашса ашып, а балким (араларына кокусунан кошулуп калгандарды эске алганда) жетпей да турган адамдарды араң топтой алышты…

Бул жагдай кыргыз саясатынын жаңы этапка өтө баштагандыгынан, жана да саясий кыймылдар жана коомдук кыймылдар мындан ары элдин колдоосуна ээ болуу үчүн эскиче ыкмаларды колдонбой, жаңыча, болгондо да кардиналдуу өзгөрүүлөр менен жасала турган конкреттүү кадамдарга барышы зарылдыгын тастыктагандай болду.

А бирок, ошондой саясий кыймылдар жана партиялар бизде барбы? Маселенин өзөгү дал ушунда жатат. Алдыда уламдан-улам жакындап кирип келе жаткан парламенттик шайлоолордун шарданы жогорудагы күчтөрдү, — ​алар муну каалашабы, же каалашпайбы, баары бир, — ​дал ушундай чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур кылары түшүнүктүү.

“Ата-Мекен” партиясы өз лидери Өмүрбек Текебаевсиз шайлоодогу кармашта ийгиликке жетери өтө күмөндүү болуп турат. Дегеле, ал бошотулуп, акталып чыккан учурда деле (бул варианттын шансы азырынча дээрлик нөлгө барабар десек болот), мурдагы чыгаан саясатчылардын бири деп эсептелген инсандын бейнесиндеги кийинки соттук-кылмыштык жактан келтирилген оңолгус репутациялык доо кетирген окуялар жол береби?

Ушунун өзү эле чоң саясатта бир эле жолу булганып, абийирди төгүп алуу канчалык опурталдуу жол экендигин, бир эле жолу илешип, малынып алган соң, бул тар жол, тайгак ашуудан кайра кутулуп чыгып кетүү аябагандай оор экендигин дагы бир ирет тастыктап тургансыйт…

Деген менен, өздөрүн эскирген саясаттагы “жаңы күчтөр” катары позициялап, дал ушул лозунгдун алдында парламенттик трибунадан орун алууга жетишүүгө үмүт кылган кыймылдар деле арбын. Алардын катарында “балашка” деген атка конуп, экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан ташка тамга баскандай таанымал болуп, чоң саясат короосуна кокусунан эле адашып кирип калган Жанар Акаев сыяктуу жаштарды атоого болот.

“Жаңы демилге” дейсиңби, же жөн эле жаңы күчтөр дейсиңби — ​коомдук-саясий партиянын жана коомдук кыймылдардын аталыштарынын эч нерсе чечпеси белгилүү. Айрыкча, биздин саясатта жана биздеги түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалда. Дал ошондуктан улам, кээде “Жаман иттин аты Бөрүбасар” деген эски лакап улам-улам эске түшүп туруп алат!..

Жанар Акаев — ​20–30 жаштарды парламентке алып келүү идеясы — ​анын кыялы экендигин жарыя кылды. Орус туугандар мындай шарттарда кыска гана: “мечтать не вредно!” деп коюшат эмеспи. Анын сыңарындай, биздеги түзүлгөн кырдаалда жаштардын муунунун өз алдынча партия болушуп, ушунчалык чоң топ менен парламентке кириши фантазиялуу кыял гана. Демек, “балашка” “бул менин кыялым” деп абдан туура айтып жатат!

Ал эми объективдүү жагдай, реалдуу практикалык кадамдар канчалык жемиштүү болот — ​бул дал ошол парламенттик шайлоолорго катыша турган жалпы күчтөрдүн санына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болору маалым. Ошентсе да, азыртан эле алдын ала айтууга мүмкүн болгон жагдайлар да бар. Маселен, алардын ичиндеги эң олуттуу жагдайлардын бири — ​жаш күчтөрдүн өз алдынча саясий күч катары башкалар менен теңата кармаша алышпасы. Буга алардын саясий тажрыйбасынын жетишсиздиги, финансылык ресурстарынын жардылыгы, коомчулук тарабынан колдоо электоратынын аздыгы алып барат.

Кыскасы, кийинки парламентке дагы башка “балашкалар” келише турган болсо, алар баягы эле партиялар үчүн берилген “жаштар квотасы”, “аялдар квотасы” жана “башка майда улуттар квотасы” деген калкалагыч канаттын алдында гана келип калыштары мүмкүн…

Ошол эле учурда, кыргыз саясатындагы дагы бир олуттуу жагдай — ​Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов сыяктуу саясатчы-партия лидерлеринин белгилүү себептерден улам саясий аренадан четтетилишинен улам, соңку учурларда саясий аренада кандайдыр бир боштук, вакуум пайда болгону жашыруун деле эмес.

Азыркы тапта, эгемендик доорундагы кыргыз саясатында чечүүчү ролдорду ойноп, коомдук-саясий аба-ырайын өзгөртүп, өз алдынча “микроклиматты” түзүп кете алууга жөндөмдүү болушкан Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабанов сыяктуу саясатчы-партия лидерлеринин мууну акырындап четтеп, бара-бара алардын ордун кийинки муундун өкүлдөрү ээлей тургандай болуп жаткандыгы майзамченемдүү эле көрүнүш. Бирок, алар кимдер болушат? Жана дагы өздөрү менен кошо өлкөгө кандай өзгөрүүлөрдү алып келе алышат? Актуалдуу маселенин маңызы дал ушунда турат…

Албетте, кандайдыр бир деңгээлде таанымал болуп калышкан жаш саясатчылар бар. Ошол эле Жанар Акаев, Адиль Турдукулов, Аида Касымалиева сыяктуулар…

Асыресе, биз инсандагы чыныгы лидерлик сапаттар, өз идеялары жана кайсыл бир деңгээлде бүдөмүк болсо да, өз алдынча программасы бар партия лидерлери тууралуу сөз кылуудабыз. Ал эми жогоруда аталган жаштардын алиге чейин башка бирөөлөрдүн короолорун сагалап жүрүшкөнү — ​өз алдынча күч болуп, чоң саясатчы катары али жетиле электигин гана айгинелеп турат. Бул өңүттөн алып караганда, “балашканын” өз алдынча саясий күч катары барууну ойлоп жаткандыгы колдоого арзыйт. Бул тумандуу жана реалдуу жагдайларга негизделбесе да! Себеби, чыныгы саясий-партиялык ишмер дал ошондой кырдаалдарда такшалат, тажрыйба топтойт жана жетилет…

Адиль Турдукулов мурдатан өзү катуу полемикага түшүп келген саясаттагы окутуучусу Алмазбек Атамбаевдин партиясына кайра барып, муну жарыя кылары менен эле, ал СДПК партиясынын айланасындагы соңку “рейдерлик захват” деп аталган өзгөрүүлөрдүн болуп кетиши да жогорудагы ойлорго иллюстрация сыяктуу сезилет. Мурдагы эски саясатчылардын өз ара “ички разборкаларынан” биротоло арылып, алардан такыр кол үзүп, жаңыдан баштап, өз алдынча кетүү үчүн, демек, алар жаңы саясий кыймылдарды жана партияларды түзүүгө сөзсүз муктаж болушары айкын.

Дегеле, алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолор абдан катуу кармаш менен өтүп, коомдук-саясий чыңалуунун температурасы абдан бийик деңгээлге чейин көтөрүлөрү азыртадан эле айкындала баштагансыды.

Анткени, кыйладан бери саясий тыныгуу алып, чоң саясаттан четтеп кетишкен зубрлардын кайрадан активдеше башташканы эле болочок саясий жагдайдын эпкини катары кабылданат.

…Кечээ жакында эле легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов баштаган саясатчылар тобу “Улуу журт” аттуу жаңы партиянын түптөлгөнүн жар салышты.

Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы чоң саясатчы, ири мамлекеттик ишмерлердин биринин бири Медеткан Шеримкулов сыяктуу инсан мындай кадамга жөн эле эриккенден улам, же убактылуу эрмек кылуу үчүн барбасы түшүнүктүү!.. Ошол эле тушта, түштүктүк оор салмактагы саясатчылардын бири саналган, экс-генералдык прокурор Элмурза Сатыбалдиев да эгерде мыйзам жол берсе — ​өзү талапкер болуп катышарын, же болбосо, өз пикирлештерин сүрөөнгө аларын ачык жарыялады…

Мындан сырткары, жаңы эле түрмөдөн чыгышып, элирип, саясий реванш алууга чаңкап турушкан таасирдүү саясатчылардын да чоң тобу бар. Алар — ​Нариман Тулеев, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана башкалар…

Бул шайлоого чейин дагы толукталары эч күмөн туудурбайт. Постсоветтик мейкиндикке көз чаптыра турган болсок, дээрлик бардык республикаларда муундардын алмашуу процесси кызуу башталганы көзгө урунат. Мындай табигый жана сөзсүз орун ала турган жагдайдан Кыргызстан да эч убакта четте кала албасы бышык.

…Кечеги эле Украинадагы өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан артист-комик, улуту еврей Владимир Зеленскийдин кайсыл бир деңгээлде жеке өзү үчүн да күтүүсүз жерден чоң саясатка келиши да дал ушундай “муундардын алмашуусун” дагы бир ирет тастыктады.

Бул шайлоолордон улам, позитивдүү бурулуш катары бир гана фактор белгиленүүдө. Улуту еврей жаш комик-артисттин мурдагы ашынган бандерачыл-улутчул деп аталган региондордо, бир кездеги еврейлерди геноцид кылган немецтик баскынчылар менен союздаш болушкан региондордо да басымдуу добуштарды алганы, ал тургай Киевдин ушуга чейинки саясатына кескин каршы болуп келишкен орусташкан Донецк-Луганск “автономиялуу республикаларында” да колдоо табышы — ​жалпы элдин мурунку саясатчылардын демагогиясынан канчалык жадагандыгын билдирет.

Украинанын экс-президенти Леонид Кравчук эгерде мурунку учурларда батыш тараптан талапкер болуп келген президенттик чыгыш тарап, чыгыш тараптан келген президентти батыштыктар кабылдабай калышканы көнүмүш болуп калган болчу, эми жалпы эл бириге баштады деп белгилеп, болочок президенттин ишмердигине кооптоно көз салып турганы менен да, бул өзгөрүүнү — ​жалпы республикалык күчтөрдүн — ​улутчул жана аларга каршы турган пророссиячыл аймактардын, — ​бирдиктүү күчкө айланышып, өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү самап жатышканын позитивдүу кадам катары баалады.

Дал ошон үчүн, Петр Порошенконун тарапкерлеринин антизеленскийлик пропагандасындагы бардык үгүттөөлөр алсыздык кылды. Бул жаш жигиттин алдында өтө оор, ал аткара алгыс иштер турат, ал эми артында Коломойский сыяктуу эл аралык бизнес-кампаниялардын афералык шылуундук максаттары жашырылган деген аргументтер суу кечкен жок.

Чынында эле, Украинада сланцы газынын чоң запасы табылгандыгы тууралуу маалымат 2014-жылдагы кандуу революциядан кийин эле жарыяланган. Айрыкча, Донецк областында жана башка көмүр кендерине бай Луганск сыяктуу региондордо бул жаратылыш байлыгынын запасы абдан чоң экендиги тастыкталган.

Ал эми Порошенкого каршы добуш бергендердин аракети “Кудай мени досторумдан сактачы, ал эми душмандарымдан өзүм эле кутуламын!” деген белгилүү бир накыл менен үндөшкөнсүйт. Демек, эл аралык мафия, Зеленскийдин алардын колундагы марионетка болуп калышы аларды эч кооптондурбайт. Алар азырынча эптеп бир гана мурунку эски көз караштагы, согушчул саясатчылардан арылууну көздөштү. Андан кийинкисин дагы көрө жатарбыз дегендей…

Баса, бизде да парламенттик шайлоодон кийин көп күттүрбөй эле президенттик шайлоо кирип келет. Демек, алдыда жакындап келе жаткан шайлоолор кандайдыр бир деңгээлде дал ошол чечүүчү шайлоонун прелюдиясы, репетициясы да болуп калары талашсыз. Ал эми бизде да чакан Кыргызстанды уруу-урууларга, түндүк-түштүккө бөлүүгө абдан кызыкдар жана да дайыма шайлоолор учурунда абдан активдүү баш көтөрүшө турган адам кебетесиндеги маңкурттар арбын экендиги маалым.

Бул жагдайларды эске ала турган болсок, жаңыча ойлонгон жана жаңыча аракеттенген жаш муундагы саясатчылардын муунунун келиши — ​биздин коомго да абадай зарыл….

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: