Menu

КР Өкмөтүнүн арбитраждык трибуналда пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулуусу тууралуу маалымат анык эмес

Бөлүшүү:

Бир катар маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда тараган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто Ысык-Көл облусундагы пансионат маселеси боюнча өзбек тарапка утулду делген маалыматка тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Бүгүнкү күнү бул ишти Эл аралык арбитраждык сотто кароо уланууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар болушу каралат. Ошондон кийин ганамаселенин маңызы боюнча кароо процесси башталат.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экендиги тууралуу чечим чыгарган. Буга байланыштуу бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык арбитраждык сотто утулгандыгы тууралуу маалымат анык эмес болуп саналат.

Бүгүнкү күнү Өкмөт тарабынан чаралардын кеңири түрү көрүлүп жана далилдер базасын түзүү, доогердин аргументтерин изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: