Menu

Максат Сабиров, Жогорку Кеңештин депутаты: “Уранга лицензия бергендердин жоопкерчилиги каралыш керек”

Бөлүшүү:

—Максат Эсенович, сиздер токуган токтом менен уран иштетүү бардык жерде токтодубу же Кызыл-Омпол менен гана чектелеби?

—Биздин токтомдон кийин Президент өзүнүн пикирин билдирди, ага ылайык эми Кыргызстандын бардык жеринде уран өндүрүлбөйт, токтоду. Азыр Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынып жатат, ал күчүнө киргенден кийин биротоло жок болот. Негизи мыйзам мурун эле бар болчу. Биосфералык территория боюнча мыйзам бар, анын нормасы менен караганда Ысык-Көлдөгү уран гана эмес Кумтөрдөгү алтын дагы өндүрүлбөшү керек эле. Ошол зонанын ядросунда «Кумтөр» кени жайгашып калган. Тагыраагы, ал мыйзам 1993-жылы эле бузулган. Албетте, элдин талабы күчтүү болду. Өкмөт да, Президент да көңүл буруп, уран бизден чыкпашы керек деген пикирлерин билдиришти. Биз туризмди өнүктүрөлү деп жаткан соң өкмөт уран, торий, коргошун чыгара турган кендерди иштетүүгө да, изилдөөгө да тыюу салышы керек.

—Мыйзамды бузуп уран кендерин чалгындоого лицензия бергендерди тез арада аныкталып, укуктук жазасы берилиши керекпи?

—Сөзсүз түрдө жоопкерчилиги каралыш керек. Бизде мыйзамдар бар, алар аткарылбайт. Көзөмөлдөө боюнча Жогорку Кеңеш иштеш керек. Бирок, көзөмөлдү баштаган депутаттар камалып кеткенин билебиз. Аткарылбаган мыйзамдарды көтөрүп чыккандар дароо мамлекеттин душманы болуп калганын көрүп жүрөбүз. Ошонун негизинде мыйзамдарды көзгө илбеген чиновниктер каалаганын жасап, лицензияларды өз билгениндей тараткан.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: