Menu

Мажирөө министр Чолпонбаев же “аптекарлар” операциясынан…

Бөлүшүү:

Космосбек Чолпонбаев деген Саламаттыкты сактоо министри бар эмеспи бою «куркуйган». Ушул киши ээрге мингенде эле кыйшак олтурган. Үзөнгүгө буту жетип-жетпей, чала-була тээп. Анткени, бул эргулуңар аталган министр болгонго чейин министрликке тиешелүү бир да тепкичти басып өткөн эмес. Аныгында «Аптека» иштеткен бизнесмендердин башын бириктирип, ассоциация түзүп алып бизнес жасагандан башканы билбеген. Анан эле «Айданбы» же «Марстанбы», айтор, пайда боло калды да бакыйган министр болуп чыга келли. Бирок, абдан мажирөө, жүдөө, чала сабат, шалаакы министр болду. Элдин саламаттыгы, ооруканадагы абал, дарыгерлердин элге жасаган мамилеси кандайлыгына башы түк оорубайт экен. Буга чейин да айтканбыз, эми да айталы, Чолпонбаев министр болгону бир гана маселени көтөрдү. Анысы да медицина кызматкерлерин кыскартуу боюнча. Өз сөзүндө «Аптекарь» тоюс, министр «Кыскартуудан 12 миллион сом үнөмдөйт экенбиз» деп күпүлдөдү. Бирок, айына үнөмдөлөбү же жылына 12 миллион сом үнөмдөлөбү айткан жок. Бирок, кыскарган медиктер каякка барып иштейт аны айткан жок, иши кылып кыскарат экен.

Мына ушундан эле өз тармагын өнүктүрүүчү эмес талкалоочу, кыскартуучу, кескилөөчү катары бааласак деле болмок. Бирок, биз сабырдуу коомбуз. Жаңы жумуш орун түзүү, кесипкөй адистерди тартуу деген аракетти качан баштайт деп күтүп олтура беребиз. Арийне, коом алдыга жылган сайын оорунун түрү да, оорулуулардын саны да арбып баратат. А биздин министр болсо ошол көбөйүп бара жаткан оорулууларды дарылай турган адистерли кыскарталы дегени акылга сыябы? Же акчаны башка тараптан эле кыскартса болбойбу? Космосбек мырза министр катары кыскартуу эмес, тескерисинче бир айылда бир дагы оорукана калбаганын эске алып, элеттеги көйгөйдү чечүү үчүн жаңы кызмат орундарды, ооруканаларды көбөйтүшү керек эле да. Же эмне өзүнүн дары-дармек бизнесин гана жүргүзсө болдубу? Чындыгында Чолпонбаев сазга баткан бул тармакты өйдөлөтүүнүн ордуна өмгөктөтүп жатканы жашыруун эмес. Буга караганда мурдагы министр Талантбек Батыралиев түзүк иштеген экен, салыштырмалуу.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: